00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исакова: алтын казына миң сааттык аудиоберүү менен толукталды

© Sputnik / Асель СыдыковаМенеджер "золотого фонда" Кыргызского радио Жээнгул Исакова
Менеджер золотого фонда Кыргызского радио Жээнгул Исакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Кыргыз радиосунун алтын казынасынын менеджери Жээнгүл Исакова учурда алтын казынага 100гө жакын күү келип түшкөнүн айтты.
Алтын казынага көлөмдүү дастан, эпосторду жана музыкалык чыгармаларды кабыл алдык. Бул тууралуу Жээнгүл Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Исакова: алтын казына миң сааттык аудиоберүү менен толукталды
Анын айтымында, алтын казынага мульти-инструменталист Нурланбек Нышанов жетектеген "Устат-шакирт", "Жетиген" ансамблдери аткарган 100гө жакын күү түшкөн.
"1960-жылы Ашыралы Айталиевдин айтуусундагы "Карагул ботом" дастаны жазылып калган эле. Аны радиодон бергенде эл ыйлап укчу. Азыр аталган дастандын Мээрим Карыпованын аткаруусундагы жаңы версиясы түштү. Бул чоң жаңылык болду. Себеби эркек киши айта турган чыгарманы Карыпова ички сезими, үнүнүн күчтүүлүгү менен жакшы аткарган экен. Манасчы, дастанчы Самат Көчөрбаевдин аткаруусундагы "Кожожаш", Улукбек Токтобек уулунун аткаруусундагы "Жаныш-Байыш" дастанын кабыл алдык. Андан тышкары, улуу жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовго арналган Элмирбек Иманалиевдин кошогун, Төлөгөн Касымбеков, Нурак Абдрахманов өңдүү залкарларга арналып жазылган чыгармаларды казынага киргизүүнү чечтик. Көркөм кеңештин талабы боюнча КРдин эл артистери Анарбек Ибраев, Сардарбек Жумалиев, композиторлор Турдубек Чокиев, Адылжан Абдуллаев, хормейстер Карагул Тиленчиев, акын Кыялбек Урманбетов жана аранжировщик Рафаэль Сарлыков алтын казынага киргизилчү музыкалык чыгармаларды өзүнүн адистиги боюнча баалап, тандашат. Тематикасы, сөзүнүн мааниси, музыкасынын оригиналдуулугу жана сапаты жагынан эң жогорку деңгээлде болгон композициялар кабыл алынат. Учурдагы ырчы-чоорчулардын ичинен Мыктыбек Нурланбеков, Адилет Азимов, Акмаанай Эшпаева, Токтобек Асаналиев, Аскат Мусабеков, Мирбек Атабеков жана Улан Качкыналиевдин ырларын казынага киргиздик. Кошумчалай кетчү жагдай, көркөм кеңештин мүчөлөрү эгер чыгарма талапка жооп бербесе, кайра оңдоого жөнөтөт. Андыктан жаш авторлор менин чыгармамды кабыл албай койду, жаратпай салышты дебей айтылган кемчиликтерди оңдоп, кайрадан бизге алып келсе болот", — деди Исакова.
Адис Совет мезгилинде алтын казынадагы уктуруулар 10-15 жылда бир Москва жөнөткөн жаңы пленкаларга көчүрүлүп турганын эскерип, ошондуктан аудиоберүүлөр ушул убакка чейин жарактан чыгып калбай сакталып калганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0