Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Молдалиев: 1999-жылы Баткендин борбор менен байланышы үзүлүп калган

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель Республиканского комитета военнослужащих Баткенских событий Сатыбек Молдалиев
Председатель Республиканского комитета военнослужащих Баткенских событий Сатыбек Молдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев Баткен окуясы кандайча башталганын эскерди.
Тажикстанда согуш бүткөндөн кийин Ислам диний экстремисттердин тобу кысмакка алынган соң алар Өзбекстанга кирип ФАНО (Фергана-Андижан-Наманган-Ош) ислам мамлекетин түзүү максатын коюшкан. Бул үчүн бардык шарт бар эле. Ага чейин, 1997-жылы террорчулар Фергана, Анжиян облустарында акимдин, прокурор, милициянын баштарын кесип илип кетишкен. Бул тууралуу Сатыбек Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Молдалиев: 1999-жылы Баткендин борбор менен байланышы үзүлүп калган
Анын айтымында, террорчулардын баш калкалоочу жериндеги курал-жарактар бир ротага, взводго жеткидей көлөмдө болгон.
"Кыргызстандагы Сох анклавынын ички турмушу начар болуп, алар Ислам террорчулар тобун күткөнү белгилүү болгон. Жок кылынган террорчулардын чөнтөктөрүнөн "биз силерди күтүп жатабыз, бардыгы даяр, качан келесиңер" деген каттар табылган. Террорчулар Баткенге Өзбекстанга жакын аймак болгондуктан кирип келип, бизден коридор сураган. Советтер Союузунун учурунда эле Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын эли мал айдап жайлоодо жүргөн кезде террорчулар келип аралашып, ошол аймак тууралуу башчыларына айтып берип турган. Коркпостон түз эле Зардалыга чейин кирип келип, милициянын башчысын өлтүрүшкөнү ошондон. Анан бийлик армия жөнөттү. Ошол учурда армияда аскердик окууну бүткөн, казармаларда жашаган, даярдыгы бар жоокерлер болгон. Таптакыр эле даяр эмес болчу десек туура эмес болуп калат. 1997-98-жылдары тоо шарттарында аскердик машыгууларды өткөрүп жүргөнбүз. Болгону террорчулар Зардалы, Кожо-Ашканга чейин кирип келгени боюнча маалымат болгон эмес. Себеби алар ошол жердеги койчу, чабандарды таанып-билгендиктен саламдашып эле кара мылтыктарын жашырып кирип келишкен. Террорчулар Баткен согушуна абдан мыкты даярданышкан. Баш калкалоочу жеринен бир ротага, взводго жеткендей курал-жарак, мина, тамак-аш табылган. Кыргызстандын түштүгүн толук жок кылабыз деген абдан жаман ойлору болгон. Ошол учурда Баткен району да радио, телевидение жок президенттин сөзүн укпай, борбордон алыс болуп кеткен. Жадагалса окуучулар Ислам Каримовду президентибиз деп таанычу. Демек, бул район Кыргызстандан бөлүнүп кеткенге, террорчуларга жол ачып бергенге даяр, ылайыктуу аймак болчу", — деди Молдалиев.
Полковник 2000-жылы кайра Өзбекстан тараптан Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кол салуу болгонун, куралчан адамдар ИИМ тарабынан жок кылынганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0