Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу

© AP Photo / John LocherЖеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко. Архив
Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Спортчунун бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Instagram тармагындагы баракчасына чимириле испан бийин бийлеп жаткан видеосун жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

"Тасма тартуу аянтчасындагы импровизация", — деп жазды өзү видеонун сүрөттөмөсүнө.
Ошондой эле ал АКШнын Остин шаарында экенин белгилеген. Бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.
Спортчу буга чейин дагы бийдин бир нече түрүн аткарып, видеолорду жарыялап жүргөн. Мушкер маектеринде бала чагынан эле апасы назиктигин жоготпосун деп спорт менен биргеликте бийге алып барганын айтып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0