Кыргызды сагынганда “Ала-Тоо таңшыйтты” баштан-аяк ырдап... Дипломаттардын баяны

© Фото / из личного архива Сактанбека КадыралиеваАскар Акаевдин Индияга иш сапары (Сактанбек Кадыралиев оң жактан үчүнчү)
Аскар Акаевдин Индияга иш сапары (Сактанбек Кадыралиев оң жактан үчүнчү) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатия өзгөчө адистик. Бул кесиптин ээлери — мамлекеттүлүктүн өбөлгөсү. Ошол эле учурда абдан оор кесип.

Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн бир маселени чечүү бир нече дипломаттын өмүр жашын алышы мүмкүн. Кылдат чеберчилик жана иш билгилик талап кылынат. Кыргызстандын дипломаттары далай сыноодон өтүүдө. Алар ар дайым өлкөнүн улуттук намысы үчүн эмгектенип келет. 24-октябрда кесиптик майрамын белгилеген дипломаттардын башынан өткөн окуяларын колумнист Алмаз Батилов жазып алган.

КР атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев

© Фото / из личного архива Сактанбека КадыралиеваСактанбек Кадыралиев (слева второй) вместе со спикером парламента Баварии. Мюнхен. 2000 год
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев (сол жактан экинчи) - Sputnik Кыргызстан
1/2
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев (сол жактан экинчи)
© Фото / из личного архива Сактанбека КадыралиеваСактанбек Кадыралиев вместе с супругой Чолпон . Бангладеш. 1987 год
Сактанбек Кадыралиев Чолпон жубайы менен  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Сактанбек Кадыралиев Чолпон жубайы менен
1/2
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев (сол жактан экинчи)
2/2
Сактанбек Кадыралиев Чолпон жубайы менен

Ата Мекенге кусалык

— 1984-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер советинин орун басары Курманбек Аташев жетектеген мамлекеттик делегациянын курамында Түштүк Йеменге бардым. Анда Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунда иштечүмүн. Достук коому ар жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп турчу. Бул делегациянын курамында Алтынбек Сапаралиев, Хусейн Мухтаров, Даниэль Назарматов, Самара Токтакунова өңдүү элибиздин көрүнүктүү маданий ишмерлери бар эле. Ошол учурда Йемен эки бөлөк мамлекет болуп, экөөнүн ортосунда карама-каршылык абдан күчтүү болчу. Түндүк Йемен АКШ менен Сауд Аравиянын таасиринин алдында. Ал эми Түштүк Йемен СССРдин Түштүк Батыш Азиядагы эң маанилүү өнөктөшү эле. Бул мамлекетте миңдей советтик адис эмгектенчү.

Ачык асман астында концерт койдук. Хусейн агабыз советтик кыргыз жана орус романстарын, өзгөчө даңазалуу орус ырчысы Федор Шаляпиндин белгилүү “Вдоль по Питерской” ырын аткарганда советтик адистердин шолоктоп ыйлаганына күбө болдум. Ал кезде чет жерде Ата Мекениңди, маданиятыңды сагынып куса болуп буркурап ыйлаарыңды анча түшүнбөптүрмүн. Алтынбек агабыз “Кантың бар”, “Смуглянка” ырларын созгондо мекендештерибиз дүркүрөтө кол чаап, кайра-кайра суранып, ырдатып жатышты. Назарматов жетектеген чакан музыкалык топтун коштоосунда Самара эжебиз кыргыздын “Көкөй кести” “Маш ботой”, “Ак тамак, көк тамак” күүлөрүн чертип йемендиктерге комуздун ушунча чебер аспап экенин далилдеди. Белгилүү кинорежиссер Нуртай Борбиев Йеменге барган иш-чарабыз тууралуу даректүү тасма тарткан.

1985-жылы Бангладешке СССРдин элчилигине иштегени барганда Түштүк Йемендеги советтик адистердин абалын даана түшүндүм. Кыргызстанга куса болгон учурда жубайым Чолпон экөөбүз батирде “Ала-Тоо таңшыйт” ырлар жыйнагын ачып алып баштан-аяк ырдаар элек, ала барган комузумду чертчүмүн. Кыргыз ырлары менен күүлөрү жазылган аудиокассеталарын ала баргам. Аларды үйдө жана автоунаанын магнитофонунан угар элек. Бир айда СССРден бир эле жолу почта келчү. Аны чыдамсыздык менен күтөсүң. Элчиликтеги ар бир үй-бүлө жакындарынан 10-20дан кат алар эле. Ушул каттарды окуганда кээси сагынычтан ыйлаганын, айрымдары кубанганын көрдүм. Ошентип Бангладеште төрт жыл сегиз ай иштедим. Интернетке рахмат, бүгүнкү дүйнө жүзүндөгү дипломаттарда маалымат жагынан мындай көйгөй жок.

ТИМдин III катчысы жана мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси Акылбек Жумабаев

© Фото / из личного архива Акылбека ЖумабаеваТИМдин III катчысы жана мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси Акылбек Жумабаев
Кыргызды сагынганда “Ала-Тоо таңшыйтты” баштан-аяк ырдап... Дипломаттардын баяны - Sputnik Кыргызстан
ТИМдин III катчысы жана мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси Акылбек Жумабаев

Ташкентте кыргыз дипломаттарга батир берилген

— 1994-жылы ноябрь айында КРдин Өзбекстандагы элчилигине кеңешчи болуп дайындалдым. Бул кызматка мени Кыргызстандын бул өлкөдөгү биринчи элчиси, белгилүү жазуучу Салижан Жигитов чакырган. Агай аябай көрөгөч эле. Кыргызстан улуттук валютасын кабыл алгандан пайдаланып, Ташкенттин борборунан элчилик үчүн эки батир алдык. Белгилей кетчү жагдай, аларды ТИМден бир тыйын сурабастан элчиликтин үнөмдөлгөн каражатына алганбыз. Анын үстүнө Өзбекстандын жетекчилиги бизге колдон келген жардамын аяган жок. Буга чейин Салижан агай элчиликтин кеңсеси менен батирлери үчүн арзан баада эмерек сатып алган. 1995-жылы агайдын ордуна белгилүү мамлекеттик ишмер Батыралы Сыдыков дайындалды. Анын демилгеси менен Ташкенттин чок ортосунан элчилик үчүн имарат жана батирлер сатып алынды. Азыркы күндө Өзбекстандын борборунда иштеген кыргыз дипломаттарынын баары батир менен камсыздалган жана элчиликтин кеңсеси үчүн ижара акысы төлөнбөйт. Тилекке каршы, батир маселеси Кыргызстандын башка элчиликтеринде толугу менен чечиле элек. Бүгүнкү күндө бул максатта мамлекеттик казынадан ири сумма сарпталат.

КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев (1959-2020)

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваКР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев (ортодо)
Кыргызды сагынганда “Ала-Тоо таңшыйтты” баштан-аяк ырдап... Дипломаттардын баяны - Sputnik Кыргызстан
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев (ортодо)

Душанбеде жансакчысы жок иштедим

— 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталды. 1994-жылы бул өлкөдөгү абалды ичинен тыкыр иликтөө үчүн КР ТИМинин жетекчиси Роза Отунбаева мени өзгөчө тапшырма менен элчи кызматына дайындады. Үч жыл бою Тажикстанга барып-келип иштедим. 1997-2001-жылдары бул коңшу өлкөдө КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалдым. Ошол учурда кээ бир элчилерге кол салган учурлар болду. Ошондуктан Душанбе шаарындагы башка кесиптештеримдин көпчүлүгүн жансакчылар кайтарышты. Индиянын элчиси экөөбүз гана жансакчысы жок иштедик. Тажикстандын курамындагы Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим районунда кыргыз тынчтык орнотуучу батальону жайгашкан эле. Бул батальондун аскерлеринин ичинен бир нечесин жансакчы кылып алсам болмок. Бирок баш тарттым. Себеби КРдин мыйзамында эгерде алардын бирөөсү чагымчылдыктан же кол салуудан курман болуп, жараат алса, жоопкерчиликти ким тартаары жазылган эмес. Кыргызстан жарандык согушка карабастан Тажикстанга блокада кылган жок. “Жарандарыңар ээн-эркин кыргыз-тажик чек арасынан өтүүдө. Эки тарапка тең бирдей мамиле кылып расмий Бишкек бейтарап саясатты карманып жатат. Дал ушул себептен эки жактан эч кандай чагымчылдык жана кол салуу болбошу керек” деп расмий Душанбе жана бириккен тажик оппозициясынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда сүйлөшкөм. Эки жак тең сөзүнө турду. Азыркы күндө эгерде кыргызстандык дипломаттар жогоруда айтылган абалга дуушар болсо, коопсуздугу кандайча камсыздалат деген маселе курч турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0