Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдаралиев: алты жылда спирт ичимдиктерин өндүрүү алты эсе кыскарган

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика жана коммерция министрлигинин экономикалык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Кубан Айдаралиев
Экономика жана коммерция министрлигинин экономикалык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Кубан Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин экономикалык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Кубан Айдаралиев көмүскө экономиканын так көрсөткүчүн аныктоо мүмкүн эместигин белгиледи.
Бюджетти 2022-жылда 280 миллиард, 2023-жылы 400 миллиардга жеткирүү жолдорунун бири — көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. Бул тууралуу Кубан Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Айдаралиев: алты жылда спирт ичимдиктерин өндүрүү алты эсе кыскарган
Анын айтымында, көмүскө экономиканын көлөмү ар кандай булактарга ылайык 23-44 пайыздын тегерегинде.
"Көмүскө экономиканын үлүшү боюнча маалыматтар салыштырмалуу көрсөткүч. Аныктоонун ар кандай механизмдери, ыкмалары болгону менен көмүскө ишкердик көрүнбөй, жашырынып иш алып барат. Мындан тышкары, легалдуу эмес ишкердик деген түшүнүк бар. Ал расмий каттоодон өтүп, салыгын төлөгөнү менен киреше булактарын азайтып көрсөтөт. Министрлер кабинетинин төрагасы бюджетти 2022-жылда 280 миллиард, 2023-жылы 400 миллиардга жеткирүү планын Жогорку Кеңеште айтты. Ага жетүү жолдорунун бири — бул көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. Мисалы, 2013-жылы 3 миллион 157 миң деколитр спирт продукциясы өндүрүлсө, 2019-жылы бул көрсөткүч 499 миң деколитрге түшүп, алты эсе кыскарган. Тамекини керектөө 2017-2019-жылдар аралыгында 6 миллиард 587 миң даанадан 3 миллиард 752 миңге түшүп кеткен. Албетте, арак, чылымды колдонуунун азайышын колдойбуз, бирок мынчалык азайып кеткен жок да. Унду ички колдонуу 2014-жылы 498 миң тоннадан 2019-жылы 235 миң тоннага чейин төмөндөгөн. Бул көмүскө экономиканын үлүшүнүн өсүп жатканы менен гана түшүндүрүлөт. Анткени керектөө дээрлик азайган жок, калктын саны өсүүдө. Мындай көрүнүш бардык тармакта кездешет, күрөштү күчөтүшүбүз керек. Ошондо бюджетти кошумча кирешелер менен толуктай алабыз. Дагы көңүл бөлө турган жагдай, план айтылганда көпчүлүгү 2020-жылы бажы, салыктан 107 миллиард сом, 2021-жылдын тогуз айында 108 миллиард сом чогултса, кантип 280 миллиардга жеткирилет деген суроо коюлууда. Финансы чөйрөсүндө иштегендер бул жерде консолидацияланган бюджет тууралуу сөз болуп жатканын түшүнөт. Жалпы республикалык, жергиликтүү бюджет, фонддордун төлөмдөрү, салыктык эмес төлөмдөр жана гранттар биригип консолидацияланган бюджетти түзөт", — деди Айдаралиев.
Ошондой эле ал салык, бажы органдарына төлөмдөрдү көтөрүү тапшырмасы коюлуп жатканын кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:
Жаңылыктар түрмөгү
0