U23 дүйнө чемпионатына бара турган кыргызстандык балбандардын тизмеси

© Sputnik / Владимир АстапковичБалбандар мелдеш учурунда. Архив
Балбандар мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионатына барчу Кыргызстандын командасынын курамы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев бул турнирге катышат.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча мелдешке быйыл жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Акыйкат Гулжигит уулу барат.
Эркин күрөш балбандарынын курамы:
  • Бекболот Мырзаназар уулу (57 килограмм);
  • Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограмм);
  • Айбек Токтогул уулу (65 килограмм);
  • Эрназар Акматалиев (70 килограмм);
  • Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм).
Спортчуларды өлкөнүн эркин күрөш боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов менен ага машыктыруучу Исламбек Тазабеков жетектеп барышат.
Грек-рим күрөшү боюнча балбандардын тизмеси:
  • Акыйкат Гулжигит уулу (55 килограмм);
  • Нурмухаммет Абдуллаев (60 килограмм);
  • Марлен Асикеев (67 килограмм);
  • Ийгилик Сатымкул уулу (72 килограмм);
  • Акылбек Талантбеков (77 килограмм);
  • Бексултан Назарбаев (82 килограмм);
  • Азат Салидинов (87 килограмм);
  • Данияр Шеримбеков (97 килограмм).
Грек-рим күрөшүнүн балбандарын улуттук команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев менен Арсен Эралиев баштап барышат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 2021-жылдагы U23 дүйнө чемпионаты 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0