Германияда бойго бүтүүдөн коргоочу инновациялык аппарат ойлоп табышты

© Фото / Pexels / Valeria BoltnevaОбращение к семейному психологу
Обращение к семейному психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Аппаратты эркектин жыныстык органына жакын алып келип, бир аз убакытка иштетип кармап туруу керек. Андан чыккан ультраүндүү толкундар бел суунун активдүүлүгүн эки айга чейин токтотуп коёт.
БИШКЕК, 22-окт. – Sputnik. Германиялык дизайнер Ребекка Вайс адистер менен биргеликте эркектин уругунун активдүүлүгүн басаңдатып, бойго бүтүүдөн сактай турган аппарат ойлоп тапты. Бул тууралуу National Geographic Россия басылмасы жазды.
Жаңы аппарат эркектин уругунун активдүүлүгүн ультраүндүү толкундар менен басаңдатып коёт.
"Аппаратты эркектин жыныстык органына жакын алып келип, бир аз убакытка иштетип кармап туруу керек. Бул процедураны эки апта бою кайталоо зарыл. Андан чыккан ультраүндүү толкундар бел суунун активдүүлүгүн эки айга чейин токтотуп коёт. Тагыраак айтканда, урук энелик бездер менен биригип жаңы жашоо жарата албай калат. Бирок анын ден соолукка зыяны жок", — деди Вайс.
Аппаратты иштеп чыккандар алардын табылгасы үй-бүлөнү пландоодо көптөр күткөн жакшы жардамчы болот деп эсептейт.
Бетондо отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Сызга отурба! Гинеколог аялдардын суукка урунушунун оор кесепетин айтты
"Азыркы бойго бүтүп калуудан коргоочу каражаттар бардык эле түгөйлөргө жага бербейт. Ден соолукка дагы залакасын тийгизиши мүмкүн. Мисалы, мага бул идея өзүм жатын моюнчасынын рагына кабылгандан кийин келди. Көп жылдар бою сактануу үчүн гормоналдык дары-дармектерди ичип жүрүп, кийин дартка чалдыктым", — деди адис.
Негизинен ушул сыяктуу аппарат буга чейин жаныбарларга колдонулуп келген, дизайнер аны адамга ылайыктап жасап чыккан. Бирок аны расмий түрдө сатыкка алып чыгуу үчүн клиникалык сыноодон өткөрүү керек.
Баса, идеянын автору бул табылгасы үчүн мыкты инженердик долбоорлорго ыйгарыла турган Жеймс Дайсон атындагы эл аралык сылыкка ээ болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0