00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Борукеев: остеопороз дартын айыктыруу мүмкүн эмес, алдын алуу зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун илимий-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, травматолог-ортопед, медицина илимдеринин кандидаты Азамат Борукеев
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун илимий-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, травматолог-ортопед, медицина илимдеринин кандидаты Азамат Борукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун илимий-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, травматолог-ортопед, медицина илимдеринин кандидаты Азамат Борукеев дүйнө жүзүндө остеопороз инфекциялык эмес оорулардын ичинен төртүнчү орунга чыкканын айтты.
Остеопороз — бул организмдеги фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу менен мүнөздөлгөн оору. Көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 50 жаштан ашкан ар бир үчүнчү аял жана ар бир бешинчи эркек остеопороздон жабыркайт. Себеби аялдарда айыз токтогон кезде организмден кальций көбүрөөк чыгып кетет. Ал эми көбүнчө улгайган адамдарда көп кездешкенинин себеби жаш өткөн сайын кальцийдин организмге сиңүүсү начарлайт. Бул тууралуу Азамат Борукеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.
Борукеев: остеопороз дартын айыктыруу мүмкүн эмес, алдын алуу зарыл
Анын айтымында, остеопороз дартын толук дарылап айыктыруу мүмкүн эмес.
"Остеопороздун пайда болуусуна күнүмдүк тамак-аштын курамында кальций жана D витаминдери бар азыктардын жетишсиздиги себеп. Организмге D витамини жетпесе тамак-аш аркылуу кирген кальцийдин 5-8 пайызы гана сиңет. Аталган витаминдин жетишсиздиги көбүнчө балдарда итийди, чоңдордо остеопорозду пайда кылат. Ошондой эле ички бездердин эндокриндик ооруларынан, климакстан улам калкан сымал жана бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондорду иштеп чыгаруусу азаят. Бул сөөктүн түзүлүшүнө терс таасир этет. Аз кандуулук да сөөктүн борпоң болушун шарттайт. Аялдын кош бойлуу кезинде гемоглобини аз болсо баласы да анемия болуп төрөлүп, акырындап сөөгү морт болот. Ошону менен бирге аз кыймылдуулук, тамеки, спирт ичимдиги жана газдалган суусундуктарын, кофе көп ичүү остеопорозду шарттайт. Алсак, газдалган суусундук кальцийди көбүрөөк жууп салат. Остеопороз — үнсүз эпидемия. Сөөктүн морт болуп баратканынын белгилери анчалык деле байкалбайт. Бирок эгерде адам бул илдет менен ооруса, 50 жаштан кийин алган жаракаты оор болбосо деле сөөгү сынып кала берет. Арка-бели ооруп, адамдын бою чөгөт, сөөктүн тыгыздыгы азайган соң бейтап салмак жоготот. Дартты толук дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. Андыктан алдын алуу зарыл", — деди Борукеев.
Дарыгер остеопорозду алдын алуу үчүн дарыгер менен кеңешип 40 жаштан баштап жана климакс башталгандан тарта кальций, D витаминин ичип, витаминге бай азыктарды жеп, көбүрөөк кыймылдоо керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0