Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Толкун уулу: алган билимим менен бөлүшүү үчүн окуу борборун ачтым

© Sputnik / Асель СыдыковаКытайлык кыргыз, ишкер Каныбек Толкун уулу
Кытайлык кыргыз, ишкер Каныбек Толкун уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Кытайлык кыргыз, ишкер Каныбек Толкун уулу Кыргызстанга келип жети жылдын ичинде алган билимин кийинки муун менен бөлүшүү үчүн билим берүү курстарын, улуттун маданиятын сактап калуу, жайылтуу максатында маданий борбор ачканын айтты.
Ааламдашуу заманында маданияттар жуурулушуп, кээ бирлери унутта калып барат. Улуттук маданияттын өксүгүн толтуруу максатында маданий жана билим берүү борборун ачтым. Бул тууралуу Каныбек Толкун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Толкун уулу: алган билимим менен бөлүшүү үчүн окуу борборун ачтым
Анын айтымында, "Билгистан" билим борборуна билгендерин башкалар менен бөлүшөм деген адистер келип курстарда сабак өтсө болот.
"2018-жылы "Этностан" маданий борбору ачылды. Башка ушул өңдүү жайлардан айырмаланып, этникалык кыргыздарды, маданий мурастарды изилдеп, жайылтууну жана этникалык кыргыздар жашаган өлкөлөр менен маданий карым-катнашты, мамилени жандандырууну көздөйт. Буга чейин кытайлык кыргыздардын бир нече чыгармасы кыргыз тилине которулуп жазылды. Себеби кытайлык кыргыздардын жазуусу бул жактагыга караганда айырмаланат. Ошондой эле дастан, өлөң айтууну жайылтуу максатында чыгармалар кыргызчага которулду. Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манас" эпосу боюнча аткарылбай калган иштерди жасоого аракеттер көрүлүүдө. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган Кытайдагы макалалардын жыйнагын да кыргыз элине сунсак деп чогултуп жүрөбүз. Бейзаттык маданий мурастарды пропагандалоо үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу — алдыдагы планыбыз. Андан соң жеке өнүгүү, бизнес жана тил үйрөтүү багытында сабактардан турган "Билгистан" билим берүү борборун ачтык. Аталган борбор билимдүү жаш адистердин кийинки муун менен билимин бөлүшүүсүнө көпүрө болуп, экинчи жагынан курстан түшкөн каражатка "Этностан" маданий борборунун айрым долбоорлорун жасап, эки борбор канатташ иш алып барууда", — деди Толкун уулу.
Ал билим борборунда кытай, англис, араб тилдери үйрөтүлөрүн, SMM жана тез окуу курстары да бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0