https://sputnik.kg/20211015/kanada-uygo-meteorit-tushtu-1054229299.html
Канадада үйгө метеорит түшүп, уктап жаткан аял бир өлүмдөн калды. Видео
Канадада үйгө метеорит түшүп, уктап жаткан аял бир өлүмдөн калды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Жакын жердеги каньондо курулуш жүрүп жаткандыктан полиция алгач ошол жактан таш ыргытылышы мүмкүн деп болжогон. 15.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-15T09:22+0600
2021-10-15T09:22+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
окуялар
метеорит
курулуш
аял
канада
https://sputnik.kg/img/102539/45/1025394587_0:109:2048:1261_1920x0_80_0_0_235f21db4625f47c74fdc7d8e68526d6.jpg
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Канаданын Голден шаарындагы үйлөрдүн бирине метеорит түшүп, анын ичинде уктап жаткан аял бир өлүмдөн калды. Бул тууралуу National Geographic Россия порталы жазды.Окуя 4-октябрга караган түнү болуп, үй ээси Рут Гамильтон куткаруу кызматына чалып таш сыяктуу белгисиз зат үйүнүн чатырын тешип түшкөнүн айткан. Метеорит аял жаткан керебетке тийген.Ага жакын жерде каньондо курулуш жүрүп жаткандыктан полиция алгач ошол жактан таш ыргытылышы мүмкүн деп болжогон. Бирок курулуш компанияга чалганда алар ташты жардыруу иштери жасалбаганын айткан.Ошол убакта курулушчулар асмандан жарык чыгып, бир нече ирет жарылуунун катуу добушу угулганын билдиришкен. Мындан улам метеорит экенин түшүнүүгө болгон.Үй ээси табылганы Онтариодогу Батыш университетинин окумуштууларына өткөрүп берген. Алар хондрит сыяктуу көмүр кара түстөгү 1270 граммдык таш экенин аныкташкан.
канада
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102539/45/1025394587_111:0:1938:1370_1920x0_80_0_0_1c22557303a26997cb88449cabfe5ba2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, метеорит, курулуш, аял, канада
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, метеорит, курулуш, аял, канада
Канадада үйгө метеорит түшүп, уктап жаткан аял бир өлүмдөн калды. Видео
09:22 15.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жакын жердеги каньондо курулуш жүрүп жаткандыктан полиция алгач ошол жактан таш ыргытылышы мүмкүн деп болжогон.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Канаданын Голден шаарындагы үйлөрдүн бирине метеорит түшүп, анын ичинде уктап жаткан аял бир өлүмдөн калды. Бул тууралуу
National Geographic Россия порталы жазды.
Окуя 4-октябрга караган түнү болуп, үй ээси Рут Гамильтон куткаруу кызматына чалып таш сыяктуу белгисиз зат үйүнүн чатырын тешип түшкөнүн айткан. Метеорит аял жаткан керебетке тийген.
Ага жакын жерде каньондо курулуш жүрүп жаткандыктан полиция алгач ошол жактан таш ыргытылышы мүмкүн деп болжогон. Бирок курулуш компанияга чалганда алар ташты жардыруу иштери жасалбаганын айткан.
Ошол убакта курулушчулар асмандан жарык чыгып, бир нече ирет жарылуунун катуу добушу угулганын билдиришкен. Мындан улам метеорит экенин түшүнүүгө болгон.
Үй ээси табылганы Онтариодогу Батыш университетинин окумуштууларына өткөрүп берген. Алар хондрит сыяктуу көмүр кара түстөгү 1270 граммдык таш экенин аныкташкан.