FIFA президенти финалдык оюнду тейлеген Нурдин Букуевди сыйлады. Видео

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүFIFA президенти Жанни Инфантино. Архив
FIFA президенти Жанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Букуев футзал боюнча төрт дүйнө чемпионатын тейлеген алгачкы калыс болуп калды. КФС муну абсолюттук рекорд деп белгилеген.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык арбитр Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин башкы калыс катары тейлегени үчүн FIFA президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алды. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирип, сыйлоо аземинин видеосун чыгарды. 
Кечинде мелдештин финалында Аргентина менен Португалиянын курама командалары кездешкен. Португалия 2:1 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду. Кыргызстандык адис аталган мелдештин үч бетешинде башкы калыстык кылды.
"Нурдин Букуев футзал боюнча төрт дүйнө чемпионатын тейлеген алгачкы калыс болуп калды. Бул абсолюттук рекорд", — деп белгиледи КФС.
Сыйлоо аземинде Жанни Инфантино Букуев башында турган калыстар тобуна сыйлыктарды ыйгарды.
Букуевге египеттик Хасан Мохамед жана жаңы зеландиялык Кристофер Синклайр көмөктөшкөн. Ирандык Наземи Галер резервдеги калыс болсо, америкалык Жош Уивилкенс беттештин убактысына жоопкерчилик (хронометрист) кылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0