Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү

© Фото / пресс-служба МВДЖогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме учурунда
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында райондор менен айылдарды бириктирген автоунаа жолдоруна жана айрым тилкелерге видеокамераларды орнотуу тууралуу кеп болгон.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бүгүн ИИМде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме болду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
© Фото / пресс-служба МВДБүгүн ИИМде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме болду
Бүгүн ИИМде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме болду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бүгүн ИИМде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме болду
© Фото / пресс-служба МВДАны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн
Аны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн
© Фото / пресс-служба МВДМинистр ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларын белгилеген.
Министр ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларын белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Министр ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларын белгилеген.
1/3
Бүгүн ИИМде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме болду
2/3
Аны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн
3/3
Министр ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларын белгилеген.
Аны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн.
Министр ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларын белгилеген. Андан сырткары, алдыда боло турган окуянын маанилүүлүгүн эске алып, шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартип менен коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көргөндүгүн билдирген.
"Өлкөбүздүн туруктуулугу, ар бир жарандын коопсуз жашоосу жана эртеңки күнгө ишеними баарынан жогору турат. Шайлоо иш-чарасы болобу же коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болобу, ички иштер органдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди гана аткарып, саясаттан алыс болууга тийиш", — деген Ниязбеков.
Коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо максатында аймактарга, райондор менен айылдарды бириктирген автоунаа жолдоруна жана айрым тилкелерге видеокамераларды орнотууга жетишүү керектиги тапшырылган.
Чогулуштун жыйынтыгы менен кызматтардын алдына бир катар тапшырмалар коюлган:
  • Борбордук шайлоо комиссиясына, жер-жердеги аймактык шайлоо комиссияларына мыйзам чегинде жана ички иштер органдарынын ыйгарымынын чегинде көмөк көрсөтүлсүн;
  • Бир дагы кызматкер шайлоонун жүрүшүнө жана саясатка аралашпасын. Шайлоого аралашуу фактылары аныкталса, жетекчи болобу же катардагы кызматкер болобу катуу тартиптик жаза колдонулат:
  • "Милициянын көчмө кабылдамалары" өз ишмердигин улантып, коомчулуктун көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн сервистик тейлөөлөр күчөтүлсүн;
  • Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулуучу аймактарда коомдук тартипти камсыздоо, ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу иштери жүргүзүлсүн;
  • Жардам сурап кайрылган жарандардын чакырууларына ыкчам баруу, кылмыш менен жоруктардын изин суутпай бетин ачуу иштери колго алынсын.
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0