Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Камералар чет элдик номерлүү автоунаалардын эреже бузуусун каттайбы? Жооп

© пресс-служба мэрии города БишкекЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Санариптик өнүгүү министринин орун басарынын айтымында, чет элдик номер тагылган автоунаанын ээлерине айып пул салуу механизми иштелип жатат.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жол эрежесин бузган чет элдик номерлүү автоунааларды "Коопсуз шаардын" камералары жазат, бирок андай айдоочуларга айып пул салуу механизми азыр иштелип жатат. Бул тууралуу санариптик өнүгүү министринин орун басары Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Адамды жүзүнөн тааныган камералар — "Коопсуз шаардын" ишке ашып жатышы" деп аталган брифингде айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековСанариптик өнүгүү министринин орун басары Асел Кененбаева
Заместитель министра цифрового развития Асель Кененбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Санариптик өнүгүү министринин орун басары Асел Кененбаева
"Бул чындыгында көйгөй жаратууда. Чет элдик номер тагылган автоунаалардын айдоочуларынын жол эрежелерди бузган учурлары катталып, жазылып калат. Бирок долбоордун алкагында аларды айыпка жыгуу механизми жок. Бирок Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын башкы ченемдик актылары бар. Анын алкагында иш жүргүзө алышат. Тилекке каршы, мындай автокөлүктөрдүн кайда жайгашканы туурасында эч жерде жазылбагандыктан, буларды табууда кыйынчылыктар жаралат. Анткен менен баары бир айыпка жыгыш үчүн бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат", — деп түшүндүргөн Кененбаева.
Учурда аталган маселени чечүү боюнча бир нече варианттардын бар экендиги айтылды.
Цифровизированный командный центр ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Пресс-борбор
"Коопсуз шаардын" айып пулдары кайда кетет. Министрлик түшүндүрмө берди
"ЕАЭБ алкагында мүчө өлкөлөр менен маалымат алмашып, камерага түшүп калган автоунаанын кайда катталганы боюнча табуу жолу бар, же болбосо Чек ара кызматынын алкагында аракет жасаш керек. Дагы бир ирет белгилеп айта кетейин, эреже бузуулар катталып, чогултулуп жатат, бирок калган ишти Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалык Кайгуул автоунаалардын жардамы менен жасоодо. Алар автоунаанын номерин башка реестрлер топтолгон планшетке киргизип, эреже бузуулар жана төлөнбөгөн айып пулдар боюнча текшерсе болот. Кимдики баары жайында болсо, ага токтомду почта аркылуу жөнөтөт, ал эми жазылган айыпты төлөбөй жүргөндөр боюнча Кайгуул автоунаалары иштеп жатат. Андан ары мындай автокөлүктөрдү айып короого токтотуп, соттук приставдар менен иш алып барышат", — деди Кененбаева.
Ал чет элдик номер тагып алып, жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган айдоочуларды айып тарттыруу боюнча механизм иштелип жаткандыгын айтып, буга кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын катышып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0