Депутат: Марипов эмнеге кортеж менен жүрөт, ал президенттин жардамчысы эле да

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Президенттин парламенттеги өкүлү министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынса коштоочулар боюнча маселе караларын айтты.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кортеждин коштоосунда жүргөнүн сынга алды.
"Президенттик администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов коштоочусу жок эле жүрөт. Эмнеге министрлер кабинетинин төрагасы мурдагы премьер-министр сыяктуу эле кортеждин коштоосунда жүрөт? Ал азыр президенттин жөнөкөй эле жардамчысы да", — деди Бекешев.
Буга президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов учурда иштеп жаткан мыйзамда ушундай норма каралганын билдирип, эгер министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынса, бул маселе каралышы мүмкүн экенин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader