Фролов деген ким, Кыргызстанда эмне кылып жүрөт? Кызыктуу фактылар

© Фото / Facebook/ Ярослав ЛогиновРоссиялык банкир Владимир Фролов
Россиялык банкир Владимир Фролов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Россияда Владимир Фролов 1990-жылдары РФтин Салык кодексин иштеп чыгууга катышкан адам катары белгилүү. Акыркы учурда ал Copernicus Gold блокчейниндеги төлөм системасы боюнча өзүнүн долбоорунун үстүндө иштеп жүргөн.
Владимир Фролов ушул жылдын апрель айында күтүүсүз жерден башка өлкөнүн экономикасын модернизациялоо үчүн Россиядан кетип жатканын жар салган. Ал кезде кайсы өлкөгө бара жатканын ачыктаган эмес. Кийин гана ал бир нече айдан бери Кыргызстандын экономикасы боюнча мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатканы белгилүү болду.
Sputnik редакциясы Владимир Фролов тууралуу кызыктуу фактыларды топтоого аракет кылды. Аны Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "финансылык аферист" деп атап, Кыргызстандын финансылык системасын бузганы жатат деп айыптоодо.
Фролов 1948-жылдын 18-майында Саратов облусунун Энгельс шаарында туулган. Урал политехникалык институтунун инженердик-экономикалык факультетин аяктаган.
1982-жылы СССР Илимдер академиясынын Урал илимий борборунун физика-техникалык институтунун лабораториясын жетектеген. 1988-жылы Ижевск механикалык заводунда бөлүм жетекчи болгон.
1992-1993-жылдары Свердлов облустук администрациясынын Информатика жана башкаруу көйгөйлөрү боюнча борборунун директору кызматын аркалаган. Ошондой эле "Россия салыктары" ассоциациясынын президенти болуп эсептелет.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, финансылык ишмердүүлүгүн 1990-жылдардын башында баштаган. 1992-жылы "Северная казна" деп аталган камсыздандыруу компаниясынын директорлор кеңешин жетектеген. Кийин ишкананын негизинде банк ачылып, Свердлов облусу боюнча эң ири банк боло алган.
ЖК депутаты жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Финтех деген эмне мыйзам. Абдыгулов менен Ибраевди араздаштырган долбоор төркүнү
ЖМКлардын жазганына таянсак, "Северная казна" банкы 2008-жылы банкрот болуп кала жаздаган. "Коммерсант" басылмасы жазганына караганда, ошол жылдын октябрь айында банктан жеке жана юридикалык тараптар 6,7 миллиард рублдей чыгарып кеткен. Декабрь айында мекемени "Альфа" банкы 7,8 миллиард рублге сатып алган.
Макалада жазылган маалымат боюнча, анда Фролов банкты ушул абалга мамлекет менен карапайым кардарлар алып келди деп айыптап чыккан. Бирок Урал федералдык округу боюнча прокуратура анын өзүнө каршы кылмыш ишин козгогон. Тергөөчүлөр Фроловду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды жана санациянын (банкроттук абалды алдын алуу системасы) алдында каражатты жашыруун чыгарып кеткен деп айыптаган.
Анткен менен бул нерсе Фроловго банктык ишмердүүлүктү улантууга тоскоолдук кыла алган жок. Банкрот болгонунан бир жыл өтүп-өтпөй "Уран" деген аталыштагы жаңы банк ачып алган. Бул ишин "Номос-банк" менен биргеликте баштаган.
Ошол эле "Коммерсант" басылмасынын жазганына караганда, анда Россиянын Борбордук банкынын өкүлдөрү Владимир Фроловдун жаңы банкта пайда болуп калышына абдан таң калышкан.
"Жакында эле санация кылууга туура келген банктын ээси минтип жаңы банктын ири акционери болуп чыга келиши кызык болууда. Албетте, буга мыйзам жол берет, бирок идеологиялык жактан туура эмес болуп калат", — деген Россия Банкынын өкүлү Михаил Сухов.
Ал эми Россиянын Борбордук банкы ал кезде мурда көйгөйлүү деп эсептелген банктардын кожоюндарынын жаңы банкка келишине мыйзам чегинде тыюу салууга аракет көрүп жаткан.
"Мен чынчыл адаммын. Бардык кредиторлоруман кутулдум. Мен Борбордук банктын кара тизмесинде экенимди эч ким кабарлаган эмес", — деп жооп берген анда Фролов журналисттердин суроосуна.
2012-жылдын декабрь айында Фролов командасындагылар менен "Банк24.ру" банкына өткөн. 2014-жылдын күз айларында ал мекеменин лицензиясы Борбордук банк тарабынан кайтарып алынып, иштебей калган. Фролов ошол банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.
"Коммерсант" Борбордук банкка таянып жазганына караганда, "кредиттик уюм ири өлчөмдө күмөн жараткан акча которууларды ишке ашырган".
Эмне менен аяктады? Жеенчороевди жекеме-жекеге чакырган Ибраевдин жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Эмне менен аяктады? Жеенчороевди жекеме-жекеге чакырган Ибраевдин жообу видеодо
2017-жылы Фролов өнөктөштөрү менен Сингапурда Copernicus Gold блокчейн-платформасы боюнча долбоор баштаган. Алар иштеп чыккан төлөм сервиси алтын катары бааланган электрондук акчаларды чыгарат.
Фролов 2017-жылы "Областная газета" агенттигине курган маегинде бул төлөм системасында акча бирдиги бир грамм алтын экенин билдирген. Анын айтымында, чакан комиссияларды төлөө жана күнү-түнү иштөө үчүн сервистин менчигинде өз каражатына сатып алган алтын запасы бар.
Маекте айтылгандарга караганда, финтех-стартаптардын концепциясы дал ушул долбоордо камтылган. Эске салсак, финансылык технологиялар (финтех) боюнча мыйзам долбоору депутат Самат Ибраев менен Толкунбек Абдыгуловдун ортосунда пикир келишпестиктердин чыгышына себеп болгон. Алтургай социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан кетишин дагы ушуну менен байланыштырууда.
"Банктар менен финтех-стартаптардын биригиши андагы ар бир катышуучуга өзүнүн күчтүү тараптарын колдонууга мүмкүндүк берет. Негизгиси мындай технологияларды түзүүгө көптөгөн жылдар талап кылынбайт. Алдыңкы инновациялык чечимдер менен банктар рынокко бүгүн дагы чыга алат", — деген ал кезде Фролов.
Өзүнүн блокчейн-долбооруна баш-оту менен кирип иштеп жаткан Фролов 2021-жылдын баштапкы айларында күтүүсүз жерден башка өлкөнүн экономикасын модернизациялоо үчүн Россиядан кетип жатканын айтты.
"Мага бир мамлекеттин жетекчилигинен (бир топ убакытка чейин бул жашыруун болот) "Бай жана бакубат жашаган _______________ (өлкөнүн аталышы)" деген аталыштагы экономиканы модернизациялоо боюнча концепция жазуу сунушу түштү. Текст 35 барактан турат жана аны иштеп чыкканга эки ай кетти. Аталган долбоорго катышууга мени көндүргөн парламент депутаты менен көп убакыт сүйлөшкөндөн кийин анан жаздым", — деген ал ошондо.
Кийинчерээк "Деловой квартал" басылмасындагы маегинде финансы эксперти Кыргызстандын жетекчилигинен сунуш келип түшкөндүгүн жана өлкөнүн экономика боюнча мыйзам долбоорлору менен тогуз ай бою алектенгендигин айткан.
Маек учурунда банкир Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев менен тааныш экендигин жана Кыргызстандын экономикасын реформалоо боюнча иштелип чыккан концепция туурасында айтып берген.
"Бул өзү кызык окуя болду. 2020-жылдын декабрь айында Facebook баракчамдагы Россиянын экономикасын реформалоо жаатындагы качандыр бир кезде жайгаштырган макалам боюнча Кыргызстандын депутаты пикирин жазып, уюлдук телефонунун номерин калтырыптыр. Кыргызстандык депутат менен мамиле түзүү мага кызык болбосо дагы, ага илбериңки адам катары телефон чалдым. Ал өзүнүн өлкөсүндөгү реформа тууралуу берилип айта баштады, Россиянын экономикасын реформалоо боюнча менин пикирлеримди окуганын билдирди. Мамлекеттин жаңы башчысы Садыр Жапаров жаңы реформаларды жасоого дилгир экенин айтты. Депутаттын аты — Саматбек Ибраев. Мага анын күйүп-бышканы, мекенчилдиги жакты, Ата  Журту үчүн мындай жүгүргөндөр сейрек кездешет. Мен абалга терең үңүлүп карап, капыстан эле бул нерсе мага кызык экендигин түшүндүм. Илимден, бизнестен, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнөн топтогон көп жылдык тажрыйбамды бул өлкөгө пайдалана аларымды ойлондум", — деген банкир.
Ал муну менен катар эле болжол менен бир жарым ай мурда Кыргызстандын пенсия, салык, финансы системасын модернизациялоочу концепцияны жазып Самат Ибраевге салганын, мындан соң анын Кыргызстанга келишин көшөрүп суранышкандыгын белгилеген. Банкир акырында макул болгондугун айткан.
"Бул жерде депутат Саматбек Ибраевдин консультанты катары жүрөм. Мени бардык жерде профессор, эксперт катары тааныштырышты. Россияда жүрүп, экономиканы модернизациялоо боюнча жазган концепциянын баарын салгандан кийин, аны өтө жакшы баалашты. Эң мыкты деп кабыл алышты деп айтсам да болот. Депутаттар, Кыргызстандын илимий жана экономикалык коомчулуктун өкүлдөрү реформа боюнча ондогон аналитикалык макалаларды жарыялашты. Социалдык тармактар менен кесипкөй коомчулукта өтө чоң резонанс жаралды", — деген Фролов.
Парламент депутаты Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Өзүн Садыр Жапаровго салыштырган. Саматбек Ибраев тууралуу 7 факт
Жогорку Кеңештеги Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасына байланышкан чырдан, депутаттар Мирлан Жеенчороев жана Самат Ибраевдин жаакташуусунан улам Kaktus.media агенттигине россиялык экономист Владимир Фролов маек берген. Анда өзүнүн "дарегине болуп жаткан кара пиар" туурасында айтып, бир канча депутаттардын айткандарына жооп кылган.
"Мага жасалып жаткан кара пиар менден сырткары, Кыргызстанга болуп көрбөгөндөй сокку урду. Мен силердин өлкөңөргө таптаза репутациясы бар, урматтуу Фролов катары эле эмес, өтө ири коомчулуктун өкүлү катары баргам...", — деди россиялык экономист.
Банкирдин айтымына караганда, аны болуп көрбөгөндөй жаманатты кылып жана криминал адам катары көрсөтүп жатышат.
"Сиздердин бир депутат мени алдамчы деди. Анда менин алдамчылык менен алектенип, мага иш козголгону боюнча далил бар бекен? Мен кылмыш иштери боюнча бир да жолу күбө катары да өткөн эмесмин. Өзүмдү өтө татыктуу адам деп эсептейм, мага болгон жугундуну жаба куюп жатышат. Кыргызстандагы мыйзамдар боюнча демилгелерди жазуу боюнча эми алектенбейм. Бул өлкөнү өзүмдүн тизмемден чийип таштадым. Жетишет!" — деген Фролов.
Жакынкы күндөрү кыргызстандык ЖМКлар Ибраевге шилтеме кылып Садыр Жапаров ал россиялык жаран менен жолуккандыгын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кээ бир эл өкүлдөрүн президенттин атынан сүйлөбөөгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0