16:03 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
630 0 0

Финансы технологиясы боюнча мыйзам долбоору кыргызстандыктарга пайда алып келет деген пикирди аны иштеп чыккандар бекем карманып турушат. Бирок Улуттук банктын буга өзүнүн аргументтери бар. Төмөндө аталган теманы кеңири баяндап беребиз.

Кечээ, 29-сентябрда, Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасынын отставкасын кабыл алды. Бирок депутаттар аны талкуулап жаткан учурда чуунун башы болгон финансы технологиясы (Финтех) тууралуу мыйзам долбоору боюнча бир топ айтып-дешти. Андан сырткары, Абдыгуловдун өзү да коомду ойлондура турган комментарийин айтты.

Sputnik Кыргызстан мыйзам долбоорун эске салып, бир катар тараптардын пикирин укту.

Финтех деген эмне жана аны иштеп чыккандардын айтканы

Мыйзам долбоору "Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат, бирок ал "финтех долбоору" деген ат менен көбүрөөк белгилүү болуп калды. Демилгечилер — Саматбек Ибраев жана Бактыбек Турусбеков. Төмөндө негиздеме-маалым каттан кыскартылган маалыматтары беребиз.

Финтех — финансы чөйрөсүндө инновацияларды жана технологияларды колдонгон компаниялардан турган тармак. Максаты — финансылык технологиялардын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.

Компаниялар алтынды өз кардарларынын салымдарын камсыз кылуу үчүн алары сунушталган. Алар Улуттук банкта сакталат. Бул сактоо тобокелдигин азайтат жана ошону менен бирге эле Улуттук банктын көзөмөл жүргүзүшү үчүн кошумча инструмент берет.

Финтех салттуу банктарга кадыресе эле атаандаш болушу мүмкүн. Коммерциялык банктардын стартаптарга кысым кылуусун алдын алуу үчүн Улуттук банкта финтехке түз корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүндүгү каралып жатат, бул Улуттук банкка көзөмөлдөөнүн кошумча инструментин берет.

Жаӊыдан ачылган банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү азыркы учурда 600 млн. сомду түзөт. Мындай уставдык капитал финтех-стартаптар үчүн талап кылынбайт. Себеби алар жогорку насыялык жана рыноктук тобокелдиктер менен операцияларды жасабайт. Мындай компаниялар үчүн уставдык капиталды банктардын капиталынан 3 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталууда.

Аны менен катар эле Ибраев финтех кредиттердин коюмун эки эсе азайтарын айткан.

Улуттук банк буга каршы

Кыргызстандын Улуттук банкы мындай нерсеге каршы экенин айтты. Эгерде кыскача айтсак, төмөнкү жүйөлөрдү келтирди:

  • финтех-компаниялардын алтынын Улуттук банкта сактоо боюнча: дүйнөдөгү бир дагы борбордук банк мындай кызматты көрсөтпөйт. Бул аманат жайлардын кайсы жерде жайгашкандыгы тууралуу сырды ачып салат;
  • Улуттук банкта корреспонденттик эсептерди ачуу боюнча: бул мамлекеттик деңгээлдеги кооптуулукка алып барып такайт. Эгерде кайсы бир алдамчы компаниялардын эсеби табылып калса, Улуттук банктын бардык эсептери камакка алынат (арест коюлат). Демек, бул — Кыргызстандын Улуттук банкы өкмөттүн милдеттенмелери боюнча чет өлкөлүк эсептерде финансы операцияларды өз учурунда жүргүзө албай калат дегендик;
  • финтех-компаниялар үчүн уставдык капиталдын көлөмүн азайтуу (600 миллион сомдон 18 миллион сомго чейин): кайсы бир банктык кызматтарды көрсөткөн компаниялардын тобокелдиги арбыйт. Бирок банкроттукка кабылганда компания кардарларынын алдында өзүнүн милдеттенмелерин аткара албайт;
  • кредиттик коюмдардын эки эсеге азайышы: финансылык технологиялар операциялык чыгымдардын азайышына таасирин тийгизет. Бирок Улуттук банк белгилегендей, финтех-компаниялардын безнес-чечимдери бааланмайын, насыялардын эки эсеге арзандашы тууралуу кеп кылууга такыр мүмкүн эмес. Кредиттердин коюмдары үч компоненттен, аны ичинде тартылган ресурстардан куралат. Насыялардын булактарынын бири — коюму 9-10 пайыз болгон депозиттер. Финансылык технологиялар өзүнөн-өзү эле элдин акчасын тарта албайт жана элге зайымдык каражат катары берилбейт.

Финтех тууралуу Абдыгулов Жогорку Кеңештин кечээки, 29-сентябрдагы, отурумунда да айтып берген.

Председатель Нацбанка КР Толкунбек Абдыгулов на заседании Жогорку Кенеша
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Улуттук банктын экс-төрагасы Толкунбек Абдыгулов
"Бул жерде биринчи кезекте түшүнүктү алмаштырып жатышат. Финансылык технология деген атка жамынып, чынында ага тиешеси жок система түртмөлөнүүдө. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген прецедент жок. Экинчиден, Улуттук банк эсеп ачып жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да дүйнөдө жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө кооптуу. Себеби жарнамада Улуттук банктын аты аталат. Эл эч нерсени түшүнбөй муну мамлекет жана Улуттук банк жасап жатат деп ойлойт. Мен Кубанычбек Кеңешевич (ал учурда Улуттук банктын башчылыгына талапкер болчу – ред.) мамлекет менен жарандардын кызыкчылыгын коргоп, Улуттук банктын позициясында турат деп ойлойм", — деди Абдыгулов.

Абдыгулов чуулуу финтех долбоорунан улам кеттиби?

Депутаттар Абдыгуловдун өзүнөн жана президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматовдон башкы банктын төрагасы ишинен өз эрки менен кетип жатканын улам-улам сурашты. Абдыгулов өзүнүн каалоосу менен кызматын тапшырганын айтканы менен эл өкүлдөрү кылчактап туруп алышты.

Мирлан Жеенчороев акыркы айда "уятсыз" адамдардын Абдыгуловго асылуусу көп болуп жатканын белгиледи. Ага кошумча, калпычылар буга Жогорку Кеңештин трибунасын пайдаланып жатканын кошумчалады.

Самат Ибраев парламенттешинин айтканына кызаңдады эле, Жеенчороев анын атын атабагандыгын белгилеп, мыйзам долбоордун авторлорунун бирине катуу айтты.

ЖКдагы ал күнкү жыйында Мурадыл Мадеминов да катуу сүйлөп, дароо бир нече ысымды атады.

Депутат ЖК 6 созыва Мурадыл Мадеминов от фракции СДПК на заседании Жогорку Кенеша
ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов
"Улуттук банктын тегерегинде депутат Самат Ибраев абдан терс пиар-кампания жүргүздү... Бүгүнкү күндө эртең Кыргызстандын банк тармагында, каржы тармагында "сбой"  болуп кетсе, депутат Ибраев күнөөлүү", — деди Мадеминов.

Белгилей кете турган нерсе, чырлуу мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Бактыбек Турусбеков отставканын себеби тууралуу сурады.

Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков на заседании
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков
"Тилекке каршы, бул мыйзам долбоору менен сиздин отставка саясатташыппы же атайын аралашып кеттиби, билбейм. Стенограмма үчүн сурап коеюнчу, өз каалооңуз менен кетип жатасызбы?" — деп сурады Турусбеков.

Абдыгулов ага да өзүнүн эрки менен кетип жатканын айтты. Турусбекбеков андан ары "муну жогорулоо (Абдыгуловго Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчилик кызматты президент сунуштаган – ред.) деп түшүнсөк болобу" деген собол узатты. Төрага "президенттин кайсы сунушу болбосун, бул сыймык" деп жооп берди.

"Ийгилик каалайм. Аягында финансылык технологиялар боюнча суроо. Стратегиялык жактан бул мыйзам керек да, туурабы? Улуттук банктын айткандарын эске алганда..." деген суроо берилди .

Ага Абдыгулов: "Өзүбүздүн позициябызды бир нече ирет айттык. Бул позицияны Улуттук банк мындан ары да карманып, айтып, коргонот деп ойлойм", — деген жообун берди.

Мыйзам долбоору мындан ары эмне болот?

Экономика жана фискалдык саясат боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жетекчисинин орун басары Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбоору карала электигин айтты.

Депутат от фракции Онугуу — Прогресс  Гульшат Асылбаева на заседании Жогорку Кенеша. 12 июня 2020 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жетекчисинин орун басары Гүлшат Асылбаева
"Мен расмий айтып коеюн, бул мыйзам долбоору комитетте каралган эмес. Ага башка бир нерселер кошулуп кетип, каралып жатат деген эч кандай кооптонуулар болбошу керек. Улуттук банк менен биздин кесиптештер бир пикирге келе албай калганы өкүнүчтүү... Мыйзам долбоору комитетте каралат", — деди Асылбаева.

Ал арада Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына бекитилген Кубанычбек Бөкөнтаев мурдагы жетекчинин позициясында турарын билдирди. Андан депутаттардын бири кийин бирөө-жарым басым жасаса позициясын өзгөртпөөгө эрки жетер-жетпесин сурады.

Председатель Национального банка КР Кубанычбек Боконтаев на заседании Жогорку Кенеша
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына бекитилген Кубанычбек Бөкөнтаев
"Мен өзгөрүп кеткенде деле мыйзамдын талаптары бар. Ошол талаптарды мурдагы төрага айтып кетти. Мен аны өзгөртө албайм", — деди Бөкөнтаев.

Улуттук банктын жаңы жетекчисинин өмүр баяны менен бул жерден таанышууга болот.

Тема боюнча

Кызматтан бошоюн, айтчу сөзүм бар. Абдыгулов депутат Ибраевге жооп берди
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, Толкунбек Абдыгулов, Кубанычбек Бөкөнтаев, мыйзам долбоору

ЭҢ МААНИЛҮҮ