Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ниязалиева: Кыргызстанда 251 орус тилдүү жана 611 аралаш мектеп бар

© Sputnik / Асель СыдыковаКусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин славян таануу факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин славян таануу факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин славян таануу факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева аталган бөлүмдүн 40 жылдык тарыхы бар экенин айтты.

Славян таануу факультети студенттерди үч багытта даярдайт. Биринчиси орус тил мугалими, кыргыз-орус-англис тилдеринде окутуу методикасы боюнча лингвист-котормочулар жана бала бакчалар үчүн педагогдор билим алып чыгат. Бул тууралуу Рахат Ниязалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Ниязалиева: Кыргызстанда 251 орус тилдүү жана 611 аралаш мектеп бар

Анын айтымында, учурда аталган факультетте 737 студент билим алууда.

"Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик универститети 1979-жылы ачылган. Славян таануу факультети ошол күндөн тартып эле иштеп келет. Ал мезгилде өлкөдө орус тилдүү мугалимдердин жетишсиздиги курч болгондуктан мындай бөлүмдү ачуу зарылчылыгы жаралган, бул маселе азыр деле актуалдуу. Биз учурда Кыргызстандын бардык мектептеринде билим бере ала турган орус тил мугалимдерин окутабыз. Ошондой эле лингвист-котормочуларды, бала бакча педагогдорун даярдап чыгарабыз. Билим берүү багытында Россиянын окуу жайлары менен тыгыз алакабыз бар. Азыркы мезгилде өлкө боюнча 1 648 бала бакча болсо, анын 337си орус тилдүү, 250сү кыргыз-орус аралаш тилинде тарбия берет. Ал эми орто билим берген мектептердин саны республика боюнча 2 283 болсо, алардын ичинен 251и орус тилинде, 611и эки тилде окуткан билим уялары. Бул мектеп жана бала бакчалардын баарында эле орус тилдүү педагогдор жетише бербейт", — деди Ниязалиева.

Ал студенттер кыргыз, орус тайпаларына бөлүнүп окушарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0