Бүйүр кызыткан "Корд-М". Россиялык снайперлер Тажикстандын тоолорунда машыгууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКурал. Архив
Курал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Афган чек арасынан анча ыраак эмес Ляур тоо полигонунда Тажикстандагы россиялык аскердик базанын көзгө атарлары ири калибрдеги АСВК-М "Корд-М" винтовкасынан ыраак аралыктан ок атып көрүштү.

Адистердин даярдык деңгээли жана жаңы куралдын мүнөздөмөлөрү түштүк багыттагы татаал жагдай жана потенциалдуу коркунуч шарттарына толугу менен жооп берет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган куралдын өзгөчөлүктөрүн санап, чет элдик аналогдору менен салыштырып, ошондой эле Тажикстандагы россиялык аскердик базанын бекемделишине да токтолгон.

Тажикстандагы 201-россиялык аскердик базанын көзгө атарлары полигондо жакында эле берилген ири калибрдеги АСВК-М "Корд-М" винтовкаларынан 2 000 метрге чейинки аралыктан атып көрүштү.

Өз-өзүнчө жана топтошкон буталарды жок кылуу, шайын оодарып жана басуу тапшырмалары ар кыл аралыктан снайпердик шериктер менен аткарылды. Аларды утурлай көзгө атарлар негизги жана жалган позициялардан даярдык жана жашыруун аракет этүүнү үйрөнүп, чалгын жабдууларынын жардамы менен ок атуу үчүн маалыматтарды аныкташты.

Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Борбор Азияга таралуу коркунучу жок эмес... Талибдер убадасына турабы?
Полигондордогу окууларда адистер кыйла кыйын шарттарда тактиканы жана жеке чеберчилигин өрчүтүшөт. "Душмандын" колоннасы тийиштүү деңгээлде жакындаганда көзгө атарлар ыкчам түрдө согушкерлердин автосооттолгон техникасынын негизги агрегаттарын (кыймылдаткычтарын) иштен чыгарып, андан соң командалык курамын жок кылууга тийиш.

Байкоо салуунун, мээлөөнүн күндүзгү жана түнкү жабдууларын пайдаланууга, жердин рельефин эсепке алуу менен жайгашкан жерин жашыруу жана тымызын жылууга айрыкча көңүл бурулат. 12,7 мм калибрдеги "Корд-М" ири көлөмдүү винтовка менен жылуу оңой-олтоң иш эмес экенин белгилей кетели.

Полигондогу интенсивдүү көнүгүүлөр Борбор Азия үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени АКШ жана НАТОнун күчтөрү Афганистандан чыгарылгандан бери чөлкөмдө эл аралык террордук уюмдардын активдешүүсү байкалат.

Россиялык Борбордук аскердик округдун (Тажикстандагы россиялык аскердик база да анын курамында) күчтөрүнүн командачысы Александр Лапин "талибдер Афганистандагы бийликти басып алган убакта ИМ* позициясын жана башка эл аралык террордук уюмдардын күчтөнүшү катуу кооптондурат" деди.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн аталган республика менен чектешкен райондоруна жайылуу коркунучу күндөн-күнгө күчөп барат. Россиялык көзгө атарлар жана 201-россиялык аскердик базасынын башка адистери Пянж дайрасынын оң жээгинде, Тоолуу Бадахшан жана башка кооптуу аймактарда согушкерлердин мизин кайтарууга камынууда.

Бутасын ыраактан "жайлайт"

Россиянын Ковров шаарындагы конструкторлор тарабынан жасалган АСВК-М "Корд-М" – РФтин Куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган эң узак аралыкка багытталган снайпердик жана дүйнөдөгү эң мыкты винтовкалардын бири.

ШКУнун Тынчтык миссиясы машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Борбор Азия биригүүдө. ШКУнун "Тынчтык миссиясы – 2021" машыгуусунун өзгөчөлүгү
12,7 калибрдеги күчтүү патрону 2 чакырымга чейинки аралыктан бутасын жок кыла алат, ошону менен бирге эле кадимки куралдан атылган ок көзгө атарга жете албайт. "Корд-М" винтовкасы душмандын сооттолгон техникасын, ар кандай техникалык (байланыш) каражаттарын жана октон коргоочу күрмө кийген күчтөрүн жок кылууга ылайыкталган. Мындан тышкары, бул куралдан атылган ок бетон жана кыштан тургузулган дубалдарды да тешип өтөт. Касташкан тараптын көзгө атарлары менен майнаптуу күрөш жүргүзүп, маанилүү аймактарды жана ошондой эле жээкти майда аскердик кемелерден коргой алат.

Патронсуз жана оптикалык (түнкү) мээлегичи жок "Корд-М" 10 килограммдын тегерегиндеги салмакта (абдан маанилүү мүнөздөмө), ок атар маалдагы узундугу – 1420 мм (стволдун узундугу – 1000 мм) түзөт.

Сыртынан караганда армиялык снайпердик винтовка Экинчи дүйнөлүк согуш убагындагы танкага каршы куралга окшоп кетет. Технологиялык жактан 21-кылымдын бул табылгасы – революциялык беш заряддуу курал. Россиянын Куралдуу күчтөрү аталган винтовка менен 2013-жылы куралданган, "Ратник" жабдуусуна интеграцияланган. Ок атуу үчүн 12,7×108 мм калибрдеги снайпердик патрондор пайдаланылат.

Мээлөө ыраактыгы – 2000 метрге (дүйнөлүк рекорд) чейин. Ок атуу ыкчамдыгы – мүнөтүнө 10 ирет, 1000 мм узун стволдун ресурсу – 5000ге чейин ок атат. Кундагы майда тешиктүү материалдан жасалган амортизатор менен жабылган, бул көзгө атарга эч кыйналбастан ондогон ирет ок атууга мүмкүндүк берет.

Алыстан ок атуучу жана салмагы жагынан россиялык винтовка чет өлкөлүк аналогдорунан бир топ айырмаланат. Америкалык Barrett фирмасынын 12,7 мм калибрдеги айтылуу M82 винтовкасынын салмагы – 13 килограммга чукул (акыркыларынан Barrett ХМ500 – 11,8 к). Британиялык Accuracy International фирмасынын AS50 снайпердик винтовкасы 14,1 килограммдык салмакта. М82 жана ХМ500 1100 метрден бир аз алысыраак аралыктан мээлей алса, AS500 жана AW50 мындай көрсөткүчү – 1500 метрди түзөт. Салмагы жана мээлөө ыраактыгы көзгө атар же атайын багыттагы күчтөр үчүн абдан маанилүү.

Чеп дагы бекемделет

Тажикстандагы россиялык аскердик база акыркы үлгүдөгү бул снайпердик винтовкалар менен гана жабдылган жок. Афганистандагы курч кырдаалдан улам 201-россиялык аскердик база бир топ сандагы заманбап курал жана аскердик техникага ээ болду. Анын ичинде – огнеметтор, лазер менен мээлей турган танкага каршы "Корнет" ракеталык комплекстери, ташып жүрүүчү "Верба" зениттик ракеталык комплекстери, Калашников автоматтары, ошондой эле БМП-2 пехоталык 17 аскердик машина менен жабдылды.

Генеральная репетиция динамического показа военной техники на полигоне Алабино - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
"Армия-2021": 97 өлкө жана Россиянын 7 млрд. долларлык келишимдери
Пехотанын БМП-2М аскердик машинасы замбирек (30 мм) жана 7,62 миллиметрлик пулемету бар ПКТМ менен жабдылган. Штаттык 2А42 замбиреги жана кошоктолгон пулемету менен катар эле 300 ирет ок атуучу топтому бар 30 миллиметрлик автоматтык гранатомет жана танкага каршы "Корнет" ракеталык комплексин орнотуу да каралган. Күч жагынан далайды караандатпас БМП-2М каалаган маалда майнаптуу пайдаланылат.

Жакында Тажикстандагы россиялык аскердик бөлүктөр дагы 30 даана Т-72Б3М заманбап танкалары менен бекемделет. Алар бекем сотттолгон, жакшыртылган баллистикалык курал, тепловизорлуу "Сосна – У" панорамалык мээлегич, "Акведук" байланыш тутуму жана жаңы кыймылдаткыч менен жабдылган.

Быйыл аталган россиялык аскердик база мыктыланган аскердик мүнөздөмөлөрү бар дагы жүз сооттолгон техника бирдиги менен толукталат.

Тажикстандагы бул россиялык базанын медициналык мүмкүнчүлүктөрү да артып, жакын арада жаңы талаа госпиталдары, медициналык жана адистештирилген автомобилдик техника келет. Зарыл учурда аскердик медиктер жергиликтүү калкка да, афган качкындарына да көмөк көрсөтө алат.

РФтин тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко 20-сентябрда Москва афган аймагынан "соккон" коркунучтун күч алышынан улам ЖККУнун алкагында жана эки тараптуу негизде Тажикстандын коргоо дараметин чыңдоого жардамын улантарын тастыктаган.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0