БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстанда аңчылыкка таптакыр тыюу салуу маселесине өтө кылдат мамиле кылуу керек, анткени бул чара зыян келтириши мүмкүн. Мындай пикирди Илимдер академиясынын Биология институтунун бөлүм башчысы Аскар Давлетбаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал Кыргызстанда мергенчилик сезон болгону үч айга созуларын, калган тогуз ай дээрлик тыюу салынарын белгиледи. Мындан сырткары, 2017-жылдан бери облустарда кезек-кезеги менен аң уулоого мораторий киргизилүүдө. Бирок бул канчалык натыйжалуу экени белгисиз, анткени тыюу салынгандан бери же ага чейин аймактарда жапайы жаныбарлардын саны эсептелген эмес.
"Дүйнөлүк практикада, мисалы, СССР учурунда тыюу салуу эч кандай пайда алып келген эмес. Мындай чара бүгүнкү күндө Афганистанда, Пакистанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда киргизилген. Бурама мүйүздүү эчкилерди атууга дээрлик 50 жылдан берки тыюу бар. Бирок ал эчкилердин саны кескин кыскарып кетти. Пакистанда эксперимент катары жергиликтүү эл мүйүздүү эчкини коргоого алып, аны ресурс катары пайдаланышкан. Жыл сайын анын 10 түрүнө квота берилген. Чогулган акча жергиликтүү коомчулукка жана мамлекетке түшөт. Жергиликтүү жамаат анын эсебинен ички маселелерин чечип, биотүрдүүлүктү коргоп келишет. Беш жылда бурама мүйүздүү эчки 10 эсеге көбөйүп, ошол кезде 500 болсо, азыркы күндө алардын саны 7-8 миңден ашты", — деген Давлетбеков.
Анын айтымында, жаныбарларды кайра жаралуучу ресурс катары да пайдаланса болот.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет тыюу салууну киргизүүдөн мурда ага талдоо жүргүзүү керектигин кошумчалады. Октябрь айында жаныбарлардын санына эсеп жүргүзүлүп, анан чечим кабыл алуу пландалууда.