БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар, евро жана алтындын баасы азыраак жогорулады. Ал эми күйүүчү май ошол бойдон калды.
Банктар жана акча алмаштыруу жайларында доллар менен еврону сатып алуу 5 тыйынга, сатуу 2 тыйынга кымбаттады. Тагыраагы, АКШ акчасы 84,68 сомдон сатып алынып, 84,88 сомдон сатылууда. Еврону сатып алуу 98,91 сом, сатуу 100,23 сомдон болууда. Рубль 1 тыйынга арзандады.
Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат:
"Роснефть":
- АИ-92 — 56,8 сом;
- АИ-95 — 61,8 сом;
- Дизель майы — 51,9 сом.
"Газпром нефть Азия":
- АИ-92 — 56,9 сом;
- АИ-95 — 61,9 сом;
- Дизель майы — 51,9 сом.
Ал эми алтын кымбаттап, 1 граммы 5 сомго жогору сатылып жатат.