https://sputnik.kg/20210921/bishkekte-orundar-zharmankesi-otot-1053973071.html
4 миң орун. Бишкекте 1,5 жылдан берки алгачкы иш орундар жарманкеси өтөт
4 миң орун. Бишкекте 1,5 жылдан берки алгачкы иш орундар жарманкеси өтөт
Sputnik Кыргызстан
Бош орундар жарманкесинде төрт миңден ашуун жумуш сунушталмакчы. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. 21.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-21T13:06+0600
2021-09-21T13:06+0600
2021-12-15T22:58+0600
https://sputnik.kg/img/104557/28/1045572824_0:201:1920:1281_1920x0_80_0_0_d3f257d2747f01f1ecb88c50b32c5063.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104557/28/1045572824_5:0:1713:1281_1920x0_80_0_0_594bf30a8ff52ec0e28b0b10691f9c36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек
4 миң орун. Бишкекте 1,5 жылдан берки алгачкы иш орундар жарманкеси өтөт
13:06 21.09.2021 (Жаңыртылды: 22:58 15.12.2021) Бош орундар жарманкесинде төрт миңден ашуун жумуш сунушталмакчы. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. 23-сентябрь күнү Бишкекте иш издегендерге бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева кабарлады.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"23-сентябрда Чоңдорду окутуу ассоциациясы менен биргеликте бош орундар жарманкесин өткөрөбүз. Иш-чара "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында саат 13.00дө башталат. Ага жумуш берүүчүлөр катышып, Бишкек боюнча 3 миң, өлкө боюнча миңдей жумуш орун сунушталат", — деди адис.
Акыркы ирет мындай жарманке 2020-жылдын февраль айында өткөрүлгөн. Кийин пандемиядан улам уюштурулбай келген.