36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКарта Кыргызстана
Карта Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек арасын жарыялады. Мажоритардык система менен Жогорку Кеңештин 36 депутаты шайланат. Өз округунан эң көп добуш алган талапкер мандат алуу укугуна ээ болот.

Ар бир округ ашык-кеми 20 миң болуп, орто эсеп менен 100 миң шайлоочудан турат. Мисалы, №4 Ноокат шайлоо округу 120 миң, ошол эле учурда №18 Ала-Бука округу 80 миң шайлоочудан куралган.

Документ барактап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
БШК бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди кабыл алууну баштады. Талаптары
БШК бир мандаттуу шайлоо округдарын калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзгөнүн билдирди.

Мыйзамдарда "шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт" деген норма каралган. Бирок Алай шайлоо округуна Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун ары жагында жайгашкан Кара-Кулжа району кошулуп калган.

Баткен облусу — 3 мандат

№1 Лейлек шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 90 075.
  • Бул округга Сүлүктү шаары толугу менен кошулат. Лейлек районунун Исфана шаары жана бардык айыл аймактары кирет.

№2 Баткен шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 102 010.
  • Баткен району жана Баткен шаары толугу менен, Кадамжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактары, Алга айыл өкмөтүнүн №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкалары кирет.

№3 Кадамжай шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 112 968.
  • Кызыл-Кыя шаары толугу менен, Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен шаарлары, Бирлик, Үч-Коргон, Чаувай, Абсамат Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары, Алга айыл аймагынын №8147 шайлоо участкасы биригет.

Ош облусу жана шаары — 9 мандат

№4 Ноокат шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 120 184.
  • Ноокат районунун Ноокат шаары, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат, Гулистан, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Насирдин Исанов, Көк-Бел айыл аймактары кирет.

№ 5 Араван шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 110 451.
  • Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нур-Абад, С. Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад, Төө-Моюн айыл аймактары кирет. Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Он-Эки-Бел, Найман, Т. Кулатов айыл өкмөттөрү кошулат.

№6 Ош-1 шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 99 189.
  • Ош шаарынын Ош-ТС-Жапалак, Ош-ТС-1, Ош-ТС-2, Ош-ТС-3; Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен кирет.

№7 Ош-2 шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 87 318.
  • Ош шаарынын Ош-ТС-4, Ош-ТС-5, Ош-ТС-6; Кара-Суу районун Төлөйкөн айыл аймагы толугу менен жана Шарк айыл аймагындагы № 5233, 5234, 5511, 5459 шайлоо участкалары толугу менен кирет.

№8 Кара-Суу-1 шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 86 598.
  • Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары, Савай, Сарай, Ак-Таш, Жоош айыл аймактары толук жана Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы №5205, 5206, 5207, 5208, 5209, 5210, 5211, 5506, 5507 шайлоо участкалары, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтү кирет.

№9 Кара-Суу-2 шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 97 460.
  • Кара-Суу районунун Нариман, Шарк айыл аймагындагы №5228, 5229, 5230, 5231, 5232, 5235, 5236, 5460, 5510, 5546, 5590, 5778 шайлоо участкалары, Мады, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү № 5212, 5213 шайлоо участкалары жана Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.

№10 Куршаб шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 93 024.
  • Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, 5059, 5060, 5062, 5063, 5473, 5498, 5578, 5579 шайлоо участкалары, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары кирет. Ага Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот айыл аймактары кошулган.

№11 Өзгөн шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 89 141.
  • Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Көлдүк, Кызыл-Тоо, Мырзаке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары, Өзгөн шаарындагы №5499, 5064, 5065, 5061, 5066 шайлоо участкалары кирет.

№12 Алай шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 114 940.
  • Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн.

Жалал-Абад облусу — 7 мандат

№13 Сузак шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 111 287.
  • Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак айыл аймактары кирет.

№14 Жалал-Абад шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 106 138.
  • Жалал-Абад шаары толугу менен, Сузак районунун Барпы, Ырыс, Таш-Булак, Ленин айыл аймактары кирет.

№15 Базар-Коргон шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 112 932.
  • Базар-Коргон жана Тогуз-Торо району толугу менен кирет.

№16 Ноокен шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 95 129.
  • Майлуу-Суу шаары жана Ноокен району толугу менен кирет.

№17 Аксы шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 80 516.
  • Аксы району толугу менен кирет.

№18 Ала-Бука шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 80453.
  • Ала-Бука жана Чаткал райондорунан куралган.

№19 Токтогул шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 99 909.
  • Токтогул району жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары толугу менен кирет.

Талас облусу — 2 мандат

№20 Манас шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 82 676.
  • Кара-Буура жана Манас райондору толугу менен, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Боо-Терек, Ленинполь, Миң-Булак, Оро айыл аймактары кирет.

№21 Талас шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 80 433.
  • Талас шаары жана Талас району, Бакай-Ата районунун Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш айыл аймактары кирет.

Чүй облусу — 6 мандат

№22 Жайыл шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 99 663.
  • Жайыл жана Панфилов районунун бардык шаар, айылдарынан куралат.

№23 Москва шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 87 801.
  • Москва району толугу менен Сокулук районунун Төмөнкү Чүй, Ат-Башы, Жаңы-Жер, Камышановка, Жаңы-Пахта, Биринчи май айыл аймактарынан турат.

№24 Сокулук шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 99 755.
  • Сокулук районунун Шопоков шаары, Орок, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Новопавловка, Военно-Антоновка, Фрунзе, Гавриловка, Сокулук, Кайназарова, Крупская, Төш-Булак, Асылбаш, Саз айыл аймактары кирет.

№25 Аламүдүн шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 111 115.
  • Аламүдүн району толугу менен бир округ деп эсептелет.

Бишкек шаары — 4 мандат

№26 Ленин шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 110 870.
  • Ленин району толугу менен киргизилип, ашып калган 11 шайлоо участкасы башка округга кошулган.

№27 Биринчи май шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 109 309.
  • Биринчи май району толугу менен, Ленин районундагы №1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкалары кирет.

№28 Октябрь шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 105 320.
  • Октябрь району толугу менен, эки шайлоо участкасы башка округга кошулган.

№29 Свердлов шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 103 101.
  • Свердлов району толугу менен, Октябрь районундагы №1150, 1157 шайлоо участкалары кирет.

Чүй облусу

№30 Ысык-Ата шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 96 697.
  • Ысык-Ата районунун Кант шаары жана бардык айыл аймактары кирет.

№31 Кемин шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 114 743.
  • Токмок шаары, Кемин жана Чүй райондору толугу менен кирет.

Нарын облусу — 2 мандат

№32 Кочкор шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 104 250.
  • Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн.

№33 Нарын шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 104 851.
  • Нарын шаары, Ат-Башы жана Нарын району кошулган.

Ысык-Көл облусу — 3 мандат

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 108 452.
  • Тоң жана Жети-Өгүз райондору толугу менен, Каракол шаарынын №3131, 3132, 3161 шайлоо участкалары кирет.

№35 Ак-Суу шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 118 513.
  • Каракол шаары (№3131,3132, 3161 шайлоо участкаларынын тышкары) Ак-Суу жана Түп райондору кирет.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу

  • Шайлоочулардын саны — 89 607.
  • Ысык-Көл району жана Балыкчы шаары толугу менен, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагы кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0