https://sputnik.kg/20210908/zhogorku-keneshtin-deputattary-kantip-shajlanat-1053840036.html
Мыйзамдар өзгөрдү, ЖК депутаттары кантип шайланат? БШКдан видео түшүндүрмө
Мыйзамдар өзгөрдү, ЖК депутаттары кантип шайланат? БШКдан видео түшүндүрмө
Sputnik Кыргызстан
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары шайланат. Жаңы Конституцияга жана өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, парламентке 90 депутат аралаш... 08.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-08T13:43+0600
2021-09-08T13:43+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/09/08/1053840002_0:18:1803:1038_1920x0_80_0_0_30617c10a01543f52e2f5ad43d4c8bf9.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/08/1053840002_84:-1:1803:1080_1920x0_80_0_0_189e832ff0c7a3254d716d38b4f19156.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, видео, мультимедиа, жогорку кеңеш, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, видео, мультимедиа, жогорку кеңеш, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Мыйзамдар өзгөрдү, ЖК депутаттары кантип шайланат? БШКдан видео түшүндүрмө
13:43 08.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары шайланат. Жаңы Конституцияга жана өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, парламентке 90 депутат аралаш система менен келет.
Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттар кантип шайланары жана добуш берүү процесси тууралуу түшүндүрмө берди.
Бул ирет кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме аркылуу преференциалдык система менен шайлайт. Ал эми 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан тандалып келет.
Квота маселеси преференциалдык системада гана каралган. Бир партия 54төн ашык эмес талапкер көрсөтө алат, бир жыныстагылар 70 пайыздан ашпашы керек. Партиянын тизмесиндеги аялдардын 30 пайызы сөзсүз түрдө депутат болушу керек деген талап коюлган. 35 жашка чейинкилерге жана ар кандай этносторго 15 пайыздык квота берилет. Кеминде эки адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болушу керек.
Добуш берүү күнү шайлоочу колуна эки бюллетень алат. Партиялар шайлоого катышкандардын 5, ар бир аймактан 0,5 пайыз добушуна ээ болсо жеңүүчү деп таанылат. Ал эми бир мандаттуу округдан эң көп добуш алган бир талапкер утуп чыгат.