БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өз батиринде сабалган 40 жаштагы бишкектик келин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
26-августта милицияга О.С. аттуу 40 жаштагы аял башы жарылып, кабыргасы сынып, ар кандай жаракаттары менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна түшкөнү тууралуу маалымат келген. Жабырлануучу өзүнө келе албай, ооруканада үзүлгөн.
© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского районаШектүү
![Бишкекте катуу сабалган келин эсине келбей ооруканада көз жумду Бишкекте катуу сабалган келин эсине келбей ооруканада көз жумду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/07/1053820229_0:0:1242:1146_1920x0_80_0_0_e9e539d4681243cae0ee24a6ba291294.jpg)
Шектүү
© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского района
Милиционерлер маркумдун төртүнчү кичи райондогу батиринде чогуу жашаган кишиси менен чырдашкандыгын аныктады.
"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү ("Денеге байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган 50 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.