БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Таласта тестиер менен күрөшүп, жеңип алган кичинекей кыздын видеосун жарыялап, аны менен жолугууга даяр экенин Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Видео айыл жеринде тартылганы көрүнүп турат. Анда секелек кыз тестиер менен күрөшүп, баланы жерге жыгып, 5-6 жолу айлантып салган.
"Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм. Качан жана кайсыл жерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу сонун ыкма жасаган. Сиңдибиздин машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы? Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен спортко жаңыдан киришип баштаганда дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!" — деп жазган ал.
"Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде дареги болсо кабар берип коюңуздарчы", — деген спортчу.
Дүйнө чемпионунун постунун алдына колдонуучулар кыздын кайда жашаарын жазышкан. Маалым болгондой, кичинекей балбандын аты Жасмина Арзыбаева. Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну.