Көптөгөн жерди, элди көрдүм. Чет элдиктер абдан меймандос, сылык болушат экен. Бул жагынан биз үйрөнчү көп нерсе бар. Мыйзамга баш ийбей, майда-чүйдө нерсеге ачууланып, кичинекей нерсени чоң көйгөйгө айлантып алабыз. Ал эми биздин мекен тууралуу айтсак, башка өлкөлөргө салыштырмалуу чындыгында эле бейиштей болгон жерде жашайт экенбиз. Баркына жетишибиз керек. Мындай пикирин Союзбек Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Салиев: КМШ өлкөлөрүнөн жер шарын кыдырган үчүнчү адам болдум
Анын айтымында, учкуч КМШ өлкөлөрүнөн жер шарын кыдырган үчүнчү адам болгон.
"Мен мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Ата-энемдин жолун жолдоп кесибим боюнча орус тили жана адабият мугалими болдум. Союз ураган соң бизнес кылууга туура келди. Кийин экономика факультетинде окуп, бүтүрдүм. Учкуч болуу бала кездеги кыялым эле. Турмуш өз нугуна түшүп, үйлүү-жайлуу болуп, балдар мектепке барган соң 28 жашымда учкуч кесиби боюнча билим алууну чечтим. Бардык экзамендерди тапшырган соң жашыңыз өтүп кетиптир деп кабыл албай коюшту. Норма боюнча 25 жашка чейинкилер гана окуй алышат экен. Кайра апелляциялык арыз жазып, ден соолугум туура келгендиктен уруксат берилди. Ошентип жер жүзүн кыдырууга мүмкүнчүлүк ачылды. Учкучтар альпинисттер сыяктуу эле. Алар "Эверестти багынтсам" десе, учкучтар кызыктуу жерлерде учсак дейбиз. Алгач бул жаатта маалымат чогулттум. Австралиялык мурдагы медик, кийин жер шарын айланган Жон Жонс деген учкучтан таасирленгем. Мен үчүн жер жүзүн кыдырган адамдар билими, акылы, ден соолугу, бүт жагынан келишкен адам катары сезилчү. Даярданган гана адамга оомат келет дегендей, мен да катуу даярдык көрүп учууга бел байладым. Алгач демөөрчүлөрдү издедим. Бирок алардын бири дагы мага ишенген жок. Ошентип өз каражатыма бул кыялымды орундаттым. Саякат учурунда 45 миң 450 чакырым аралыкты басып, 13 жолу кондук", — деди Салиев.
Учкуч жер жүзүн айлангандардын 80 пайызы өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү экенин кошумчалады.