БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү убактылуу жабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Бишкек троллейбус башкармалыгынан № 5 троллейбустун каттай турган жолу убактылуу өзгөрө тургандыгын билдиришти", — деп кабарлады муниципалитеттен.
Шаар бийлиги калаа тургандарына ыңгайсыз жараткандыгы үчүн кечирим сурады.