00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему помощь семьям становится приоритетом государства
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Солпуева: ВИЧке купуя түрдө текшерилсе болот

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык СПИД борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Солпуева
Республикалык СПИД борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Солпуева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Республикалык СПИД борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Солпуева ВИЧ-инфекцияга кабылып калганын билбей башкаларга жуктуруп жүрө берген оорулуулар көп экенин айтты.

1-августтагы акыркы статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 1996-жылдан бери ВИЧ-инфекциясын 10 205 киши жуктурган. Бирок мындан да көп болушу мүмкүн деген божомол бар. Алардын ичинен 2 700 киши ар кандай себептерден улам каза тапкан. Бул тууралуу Айгүл Солпуева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Солпуева: ВИЧке купуя түрдө текшерилсе болот

Анын айтымында, жыл сайын ВИЧ-инфекциясына 400 миңден ашык киши текшерүүдөн өтөт.

"Жыл сайын 700-800дөй киши ВИЧ-инфекциясын илештирип алат. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы учурларды аныктоо татаал болуп калды. Ушул жылы инфекция жуктурган 635 киши катталды. Азыркы күндө илдеттин 70 пайызы жыныстык жол аркылуу жугуп жатат. Ийне аркылуу жуккан учурлар дээрлик азайды. Энеден балага өткөн учур жылына 2-3 пайыздай катталып турат. Аймактар боюнча аталган илдет менен ооругандар эң көп Чүй облусунда, андан кийин Ош облусу, Ош шаары, Бишкек, Жалал-Абад жана калган аймактарда бир аздан бар. ВИЧ 20 жаштан 27 жашка чейинкилердин арасында 27 пайыз, 30-39 жаштагылар 36 пайызды, калганы 40тан ашкан адамдарда кездешет. 40 жашка чейинкилерде көп катталып жатканынын себеби — булар сексуалдык жактан активдүү адамдар болуп саналат. ВИЧке тесттен өтүү уят иш эмес. Ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгын ойлошу керек. Андыктан текшерүүдөн өтүүнү каалгандар Республикалык СПИД борбору, Логвиненко, №8 дарегине, Токтогул көчөсү, 62а дарегиндеги Бишкек шаардык СПИД борборуна жана аймактык борборлорго кайрылса болот. Ар бир киши жылына бир жолу текшерилип койгону жакшы. Эгерде тааныбаган адам менен жыныстык катнаш болсо же башка адамдар сайынган ийнени колдонуп алса, элдик табыптарга барып, хижама жасаткан учурда кескен инструменттерден күмөн санаса, анда ошол окуядан 2-3 ай өткөндөн кийин ВИЧке текшерилип коюу зарыл", — деди Солпуева.

Ал ВИЧке паспорту менен же ансыз деле купуя түрдө текшерилүүгө мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0