Футболчу Алимардон Шүкүровдун "Немандагы" дебюттук кооз голу. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук команданын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров. Архив
Улуттук команданын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Кыргызстандын улуттук командасынын жарым коргоочусу ушул жылдын февраль айында "Неман" клубуна өткөн. Ага чейин түркиялык командада ойногон.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Беларустун жогорку лигасындагы "Неман" клубунда ойноп жаткан кыргызстандык футболчу, улуттук команданын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Беларустагы дебюттук голун киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирип, голдун видеосун жарыялады. 

Улуттук команданын жарым коргоочусунун командасы чемпионаттын 20-турунда конокто "Динамо Минск" клубу менен беттешкен. Оюн 4:0 эсебинде "Немандын" пайдасына аяктаган.

Чабуулчу жана Дорбой футбол клубунун капитаны Мирлан Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Футболчу Мирлан Мурзаев Айшвария Райдын күйөөсү ээлик кылган клубга өттү
Кыргызстандык оюнчу үчүнчү голду киргизген. Кезектеги чабуулда Шүкүров айып сызыгынын сыртынан дарбазанын үстүңкү бурчуна таамай тепкен. Гол жеңишке болгон ишенимди бекемдегени жана кооздугу менен да айырмаланды.

Бул улуттук команданын жарым коргоочусу үчүн Беларусь чемпионатындагы дебюттук гол болуп саналат.

Алимардон Шүкүров ушул жылдын февраль айында "Неман" клубуна өткөн. Ага чейин түркиялык командада ойноп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0