https://sputnik.kg/20210823/koronavirustun-bardyk-shtammdarynan-korgogon-antitelo-tabyldy-1053651836.html
Коронавирустун бардык штаммдарынан коргогон антитело табылды
Коронавирустун бардык штаммдарынан коргогон антитело табылды
Sputnik Кыргызстан
Жаңы антитело COVID-19дун кеңири таралган "альфа", "бета", "гамма", "дельта", "каппа", "йота", андан сырткары вирустун сейрек кездешкен түрлөрү менен күрөшө... 23.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-23T22:32+0600
2021-08-23T22:32+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/08/17/1053651803_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_2c0d88d4d309e944837add45aaa341d5.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/17/1053651803_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_0e0d047e9c6d2e48680c3df061c0217f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, дүйнөгө жайылган коронавирус
Коронавирустун бардык штаммдарынан коргогон антитело табылды
22:32 23.08.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жаңы антитело COVID-19дун кеңири таралган "альфа", "бета", "гамма", "дельта", "каппа", "йота", андан сырткары вирустун сейрек кездешкен түрлөрү менен күрөшө алары аныкталган.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Сент-Луистеги (АКШ) Вашингтон университетинин медициналык мектебинин окумуштуулары коронавирустун бардык мутацияларын жок кылууга жөндөмдүү антитело табышты. Бул тууралуу РИА Новости ЖОЖдун расмий сайтына шилтеме кылып жазды.
Авторлор 43 үлгүнү алып, SARS-CoV-2нин баштапкы вариантын анализдеп чыккан. Андан кийин эң кубаттуу делген 9 бөлүкчөнү кемирүүчүлөргө сынаган соң, эң майнаптуу делгендерин тандап алган.
Жыйынтыгында SARS2-38 коронавирустун кеңири таралган "альфа", "бета", "гамма", "дельта", "каппа", "йота", андан сырткары сейрек кездешкен түрлөрү менен күрөшө алары аныкталган. Окумуштуулардын айтканына караганда, SARS2-38 вирустун өзгөрүүсүз кала турган S белогу менен биригип кетет. Табылган антителонун уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар, ал төмөнкү концентрацияда жок кылуучу жана инфекциянын козгогучтарына бардыгына таасир этүүчү касиетке ээ экени айтылды.
Мындан ары да вирустун мутация болуу тобокелдиги четке кагылбагандыктан улам, натыйжалуу түрдө жок кыла турган антителолор зарыл. Окумуштуулар уникалдуу бул антителолор организмдин иммунитетин өз алдынча да, дарылоо менен кошулуп да коргоп турат деген жыйынтык чыгарышкан.