Марипов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда жаралган тоскоолдуктарды тизмектеди

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арадагы жүк ташуучу унаалар. Архив
Чек арадагы жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын ролун күчөтүү тууралуу бир эмес нечен ирет айтышканын белгиледи.

ЧОЛПОН-АТА, 20-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында соода-сатык жаатында жаралган тоскоолдук маселесин көтөрдү.

"Чаралар көрүлүп жатканы менен бирдиктүү экономикалык мейкиндикте товарларды эркин алып өтүүдө, кызмат көрсөтүүдө, капитал жана жумушчу күчтөр жаатында тоскоолдуктарга кабылып жатабыз", — деди Марипов.

Кыргыз-Россия бизнес-форумунда талкууланган маселелердин топтому бир видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Кыргыз-Россия бизнес-форумунда талкууланган маселелердин топтому бир видеодо
Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын ролун күчөтүү тууралуу бир эмес нечен ирет айтышканын белгиледи.

"Мындан улам комиссия өзүнүн функционалдык ролун өзгөртүшү керектигине көңүл бургум келет. Акыркы убакта тоскоолдуктарды жоюуда комиссиянын ролу төмөндөгөн тенденция байкалууда. Бул Евразиялык интеграцияга пайда алып келбейт", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал ЕАЭБ товарларды эркин алып өтүүдө, кызмат көрсөтүүдө, капитал жана жумушчу күчтөр жаатында бул биримдик максатына жетет деген ниетин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0