00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Главные темы Евразийского форума и саммита Высшего совета ЕАЭС: о выгодах и новых уровнях торговли
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө уруксат берилди — жаңы мыйзам кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Садыков: эгемендүүлүккө жеткенден соң акысыз билим берүүнү жоготтук

© Sputnik / Асель СыдыковаМурдагы билим берүү министри, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Канат Садыков
Мурдагы билим берүү министри, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Канат Садыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Мурдагы билим берүү министри, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Канат Садыков эгемендүүлүккө жеткенден кийин СССР учурундагы акысыз билим берүү системасын сактап кала албай калдык деген пикирин айтты.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары илимий потенциалды коргоо, түзүү жана өнүктүрүү, улутка тиешелүү тил, адабият, тарыхты изилдөө жаатында адистерди даярдоо үчүн улуттук университеттин керектиги сезилди. 1992-жылы аталган окуу жайдын статусу жогорулап, өлкөнүн түптөлүшүнө эң керектүү адистерди даярдоо милдетин аткара баштады. Бул тууралуу Канат Садыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Садыков: эгемендүүлүккө жеткенден соң акысыз билим берүүнү жоготтук

Анын айтымында, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында экономиканын алсыздыгына байланыштуу калкка кам көрүү, социалдык жардам көрсөтүү жагынан бардык тармак алсыз болгон.

"30 жыл — бул абдан узак мөөнөт. Башка мамлекеттер ушул убакыттын ичинде бир топ жетишкендиктерди жасады. Советтер Союзу ураган мезгил биздин мамлекет үчүн абдан эле оор жылдар болду. Өзгөчө билим берүү системасына кедергиси тийди. Эгемен өлкө болгондон кийин алгачкы жылдары жакшы жылыштарга, өзгөрүүлөргө үмүттөр болгон. Бирок союз учурунда социалдык жеңилдиктер көп эле. Алсак, акысыз билим берүү бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларга чейин жок болду. Бирок бул артыкчылыкты өнүккөн, чоң мамлекеттер деле сактап кала албады. 1991-жылдары мугалимдердин айлык акысынын төмөндүгү маселе жаратты. Үч айлап төлөнбөй калган учурлар болгон. Ал эми ЖОЖдордо жаңы адистиктер контракттык негизде окутула баштагандан кийин бир аз мугалимдердин турмуш шарты жакшырган учурга келдик. Бул кезде өзүнө өзү кадрларды даярдоого умтулуусу Кыргызстандын негизги жетишкендиги болду. Бардык талаптарга жооп берген жогорку окуу жайлар түзүлө баштады. Ички жана тышкы коопсуздукту камсыздоо, эл аралык мамилелерди чыңдоо жаатында иштеген адистер даярдалып жатты. Ошентип Эл аралык университет, ИИМ, юридикалык академия ачылды. Андан тышкары, региондордогу жаштар ошол жерде эле билим алып, ошол жерде кызмат өтөшү үчүн жети облуста жети университет негизделди. Алгачкы он жылдын ичинде келишимдин негизинде Кыргыз-Россия Славян жана Кыргыз-түрк "Манас" университети өңдүү эл аралык окуу жайлар пайда болду", — деди Садыков.

Экс-министр 2010-жылдары айлык акынын өтө төмөн болгонунан улам мектептерде 25-30 миңдей мугалим жетишсиз болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0