00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дүйнө Афганистанда өз тагдырын көргөндөй болду. Ой толгоо

© REUTERS / StringerЗахват территорий Афганистана талибами
Захват территорий Афганистана талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Ишемби күнү кечинде эле талдоочулар Афганистанга кайтарыла турган беш миң америкалык аскер талибдердин жеңиштүү жүрүшүн канчалык ооздуктай аларын талдап жатышкан эле.

Тийиштүү буйрукту Жо Байден жаңы эле берген. Муну саны кыскартылган дипломатиялык персоналдын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам түшүндүргөн.

Акыры өлкөдөгү бийлик "Талибан"* кыймылынын көзөмөлүнө өтөрүнөн эч кимдин шеги калбаса да, АКШ президентинин чечими талибдерге дагы канча туруштук бере алары тууралуу ар кандай ойлор жаңырып, айрымдар бир нече апта дешсе, кээ бирөө эки-үч ай деп жоромолдоп жатышкан. Бирок жекшемби күнү таңга жуук эле андай эксперттик жана эксперт сөрөй божомолдор суу кечпей калды. Ирина Алкснистин Афганистандагы окуялардын тегерегиндеги ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.

Совместное заседание министров обороны государств – членов ШОС, государств – участников СНГ и государств – членов ОДКБ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Афганистанда бийлик алмашты. ЖККУнун мындан аркы кадамы кандай болот
Бир күндө, саналуу саат ичинде эле Батыш "Талибан"* менен күрөшкө жана Афганистанды батышташтырууга сарпталган жыйырма жылдык аракетинин быт-чыты чыкты. Эбак болжонгону менен бул күндөрдө Афганистандагы абал дүйнөнүн үрөйүн учуруп, коркутуп, санаага салып турат.

Талибдердин мурдагы бийликке кызмат өтөгөндөргө карата чара көрүлбөй турганы, коомдогу аялдардын орду туурасындагы көз караштарын жумшартууга убада кылганы менен алдыда Афганистанды зордук-зомбулук жана ырайымсыз жазалар күтөрү шексиз. Ал эми афган аялдарынын тагдыры мурдагыдай эле аянычтуу.

Эскичилик заманбап цивилизацияны жеңди, Батыш жаатындагы көз карашыбыз кандай болгон күндө да бул нерсеге кубануу мүмкүн эмес. Ошентсе да кеп катаал жана кандуу реалдуулук, орто кылымга кайтып бара жаткан өлкөнүн байкуш жарандарына кейигенде эмес. Жекшембидеги окуялар АКШнын глобалдык гегемониясынын биротоло кыйрашы кандай болорун көрсөттү.

Отуз жыл мурун СССР жок болгон, ал кездеги жагдайлардын арасынан ошол тарыхый окуянын тездиги азыркыга дейре бүйүр кызытат. Жана эле жер жүзүнүн жарымында басымдуулук кылган дүйнөлүк күчтүү держава бар эле, бир нече ай өтпөй анын ордун башаламандык жана көбүнесе колу канга малынган жаңы мамлекеттик түзүмдөрдүн конгломераты баскан.

Адатта эмнеге дал ушундай болуп калды деп себептерин карап чыгууга аракет кылышат. Система ичтен иригенин мисал келтиришет. Бирок кебелбестей көрүнгөн система карапайым адамдарга урап түшөт, алар коргонууга да үлгүрбөй калышат. Капсалаңдын баарын өз жон териси менен сезген адамдардын өмүрү тарыхый ташкындоолордо түккө арзыбай калат.

Россиянын ТИМи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Москва "Талибан" Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч жаратпай турганын билдирди
Учурдагы окуялар – Кошмо Штаттардын глобалдык гегемонисттик макамынан ажырашы дал ушул сценарийде болушу мүмкүн экенине ачык мисал. Функция, инструмент жана рычагдардын башка геосаясий күчтөр тарабынан тартып алынышы менен күчтүү державалык тактыдан акырындык менен жылмышпастан, ээ-жаа бербеген кыйроого кептеши ыктымал.

Территориясы түшүнүксүз болгондуктан соңку он жылдыктарда Афганистан дүйнөнүн басымдуу бөлүгү үчүн тынымсыз согушуп, капкайдагы эзелки эрежелери менен жашаган дээрлик башка планетага айланып калган. Бирок жекшембидеги окуялар дүйнөнүн булуң-бурчундагы көптөгөн адамдарга афгандыктардын абалын чындап сездирди.

Алардын өлкөсүндө "Талибан"* жок, бирок турмушунда АКШнын ролу чоң. Кай бирөөнө – негизги соода өнөктөш, башкаларга — геосаясий лидер, дагы бирине — оккупациялык күч, башкаларына — бүтүндөй улуттук экономика бекем байланган дүйнөнүн башкы валютасынын эмитенти. Ошолордун баары азыркы тапта Кошмо Штаттардын күчү да ушундай тез жана башка тармактарда урап түшсө, бизге кандай таасир этиши мүмкүн деп түйшөлүштү. Көпчүлүк бүгүн мындай масштабдагы геосаясий капсалаңдар эч бир жерди калтырбай саясий, социалдык-экономикалык аскердик цунамиге кептей турганын туюшту. Андай акыбалда өздөрүн элестетип алып үрөйлөрү учту.

Советтер Союзунун ыдырашын башынан өткөргөн Россия үчүн азыркы окуялар дүйнөнү 30 жыл мурунку жагдайлардан да оор, масштабдуу апаат күтүп турганын эскертүү катары кабылдады. Мындай шартта бириндеп эмес, топтошуп даярдык көрүп, баштан-аяк куралдануу талап кылынат. Россия бул багыттарда кызуу иш алпарып жатканы белгилүү.

*Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0