"Талибан"* согушкерлерге афгандыктардын өмүрүн сактоого буйрук бергенин айтты

© AP Photo / Zabi KarimiКабул шаарындагы Талибан кыймылынын согушкерлери
Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Кыймыл кол алдындагыларга кимдир бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирүүгө тыюу болбой турганын эскертип, алардын мүлкүн жана намысын коргоого милдеттендирген.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. "Талибан"* радикалдык кыймылынын согушкерлерине жергиликтүү афгандыктарга зыян келтирбей, алардын өмүрүн, мүлкүн жана ар-намысын коргоого буйрук берди. Бул тууралуу талибдердин Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Сухейль Шахин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ислам эмирлиги (талибдер өздөрү атап алган саясий система — ред.) өзүнүн моджахеддерине кимдир бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирүүгө болбой турганын эскертип, буйрук да берди. Эч ким өмүргө, мүлккө жана намыска зыян келтирбеши керек. Мунун бардыгын моджахеддер коргоого милдеттүү", — деп жазган Шахин Twitter баракчасында.

Ок атып жаткан Талибан кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
"Талибан"* Афганистанда 20 жылдан берки согуш аяктаганын жар салды
Буга чейин талибдер өч алууга ниети жок экенин жана афган саясатчылары коопсуздукта болорун билдиришкен. Ошондой эле жергиликтүү басылмалар бийлик алмашкан соң билим берүү мекемелери мурдагыдай эле иштей берерин айтышкан. Кыймылдын өкүлү Афганистандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугу үчүн шарттар түзүлөрүн белгилеген.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0