БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Аламүдүн райондук милициясы 48 жаштагы Замир Турсункановду издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской области48 жаштагы Замир Турсунканов
48 жаштагы Замир Турсунканов
© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской области
Билдирмеге караганда, ал Аламүдүн районунда айланма жолго жакын "Лагерь труда" фермасы дарегинде турчу. Турсунканов үйүнөн 2021-жылдын 3-июлунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 175 сантиметр, арык чырай, кыска кара чачтуу, кырдач мурун, кашы кара, анча узун эмес сакалы бар. Акыркы жолу ак көйнөк, кара шым, бутуна ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: оң колунда Т.З.М. деп жазылган татуировкасы, ийининде 5-6 сантиметрлик тырыгы жана оң бутунда да тырыгы бар.
Жоголгон киши тууралуу маалыматы барларды Чүй милициясы (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23,0504 77-22-77, 055034-33-63 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.