"Кытай менен Россияга ыктоо алардын (Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү) коопсуздугу менен туруктуулугун сактоого жардам бербейт. Өзгөчө Иранга азыркы аскердик кубатын күчөтүүгө аракет кылган чакта бул өтө кооптуу", — деди пентагондун өкүлү.
Бул сөз көп учурда унутта калган жагдайды эске салат: Россиянын Чыгышка жүз буруп жатканы тууралуу айтылганда кеп Тынч океан региону эле эмес ислам дүйнөсү менен кошо жалпы Азия жөнүндө жүрөт. Мында чындап эле маанилүү өнөктөштөрдүн бири Иран, Россияны бул өлкө менен кылымдап сакталып келген алака байланыштырып турат. Ошондой эле Москва менен Тегеран эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук үчүн маанилүү болгон келечек да бир. Кырдаалга Петр Акопов баам салган.
Россия Иран менен мамилесин өнүктүрүүгө олуттуу маани берерин республиканын кызматка жаңы киришкен президенти Ибрахим Раиси менен болгон жолугушууда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин айткан. Кадимки сылыктыкпы? Жок. Анткени жаңы президент россиялык саясатчыга жооп берип жатып эки өлкөнүн мамилеси жакшы болгону менен аны кеңейтип, жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгына токтолгон. Сөзүн эки өлкөнүн кызматташуусун болушунча бекемдөө тууралуу документке кол коюп тастыктаган. Володин сунушту Владимир Путинге жеткирерин убадалаган болчу. Тиешелүү макулдашуу жакын арада түзүлөрүнөн күмөн жок. Ушундай эле келишимди Иран кечээ жакында эле Кытай менен түзгөнүн эске алсак, Москва — Тегеран — Пекин үчилтигинин карааны көрүнүүдө.
Мисалы, транспорт коридорлору. Бул Кытайдын "Бир алкак — бир жол" долбоору, ошондой эле Перс булуңу менен Индия океанын Каспий деңизи аркылуу Европа менен байланыштырган "Түндүк — Түштүк" маршруттук коридору. Аталган долбоорлор ишке ашса түрк куймаларына атаандаш гана болбостон, англосакстардын 40 жылдан бери өлкөнү изоляциялоо аракетине чекит коёт
Анткени Иран тээ илгертен бери эле катаал санкциядан башы чыкпайт. Батыш аны террорчулуктун демөөрчүсү, Израилди жеп-жута турган желмогуз, кээде жалпы адамзатка коркунуч туудура турган өлкө катары көрсөтүп келет. Иран атом бомбасын жасоо планы жок экенин бир нече ирет айтканы менен өлкөнү жок кылууга белсенгендер аны угуп да коюшкан жок. Анткени булар Ирандын мифке айланган өзөктүк куралынан эмес, Тегеран ислам дүйнөсүнүн лидерлеринин бири болуп калат деп коркот. Ооба, Иран мусулмандардын баарына үлгү болууга ынтызар, бирок башкартууга жол бербеген, тышкы кысымга жооп кайтарып, глобалисттердин оюн ашкерелеген өз алдынча ислам цивилизациясынын моделин Батышта ким жактырмак эле?
"Биз Россиянын экономикалык прогресси жана өзүн-өзү камсыздоого жасаган аракети үчүн кубанычтабыз. Ошондой эле АКШ менен Европанын катаал санкциялары шарттаган экономикалык каатчылыкка туруштук берүү максатында тийиштүү саясат жүргүзүүгө даярбыз".
Ушул себептүү Иран Евразиялык экономикалык биримдик менен мамилесин тереңдетип, Россия менен алакасын өнүктүрүүгө басым жасайт. Бул Иран жетекчилигинин стратегиялык тандоосу, мында чечимдерди президент эмес, руханий лидер аятолла Хаменеи кабыл алат. Хаменеи менен Раисинин ортосунда бул маселе боюнча пикир келишпестик жок, ал эми 60 жаштагы Раиси 82 жаштагы аятолланын мураскери экенин эске алсак, Москва Тегерандын мындан аркы багытынан шек санабайт. Иран дагы Россия түштүк коңшусу менен байланышты бекемдөө далалатынан күмөн санабашы керек, анткени мындай аракет эки мамлекеттин тең улуттук кызыкчылыгына төп келет.