Өрт жана суу апааты. Глобалдуу ысыктын кесепетин чагылдырган 15 сүрөт

Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюму Жер планетасы болуп көрбөгөндөй катастрофага кабыларын эскертти. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн глобалдуу ысыктын кесепети тууралуу кадрларды көрүңүз.

БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык тобу глобалдык жылуулук боюнча кезектеги отчётун жарыялады. Анда окумуштуулар күндүн ысышы тездик менен өсүп жаткандыгын, 2030-жылы жер жүзүндө абанын температурасы жогорку чегинен дагы 1,5-2 градуска ысык болору айтылды. Адистердин белгилешинче, глобалдуу ысык бүт дүйнөгө кедергисин тийгизип, аны туруксуз абалга кептейт. Климаттык өзгөрүүлөр жаан-чачынды көбөйтүп, андан улам суу ташкындары пайда болот. Көптөгөн аймактарды кургакчылык каптап, ал эми жээкке жакын жерлерде деңиздеги суунун деңгээли көтөрүлөт.

Америкалык жеңил атлетчи Тара Дэвис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Өрт чалган өлкөлөрдөн тарта ажолордун жыйынына чейин. Сүрөт түрмөк
Окумуштуулар соңку жумаларда эле дүйнө жүзүндө аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болгонун эскертишкен. Европа, Кытай жана Индияны суу каптап, ал эми АКШ, Канада, Греция жана Түркияда токойлор өрттөнүп, жалын улам күч алууда. Планетада акыркы 50 жылда абанын табы улам жогорулап, соңку жылдары рекорддук көрсөткүчкө жетти. 2021-жылдын 11-августунда Сицилияда абанын температурасы 48,8 градус болду. Бул көрсөткүч жалпы европалык рекордду басып өттү. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, буга чейинки рекорд 1977-жылы июль айында Афиныда катталган. Анда абанын табы 48 градуска чыккан.

Окумуштуулардын айтымында, дүйнөдө абанын табы дагы 1,5 градуска жогоруласа Тынч океанындагы айрым арал мамлекеттер үчүн кыйратуучу сокку болот. Бул чөлкөмдөгү өлкөлөр көптөн бери деңиз толкундарынан, күчтүү циклондордон, узакка созулган кургакчылыктан жана айыл чарбасына зыян келтирүүчү жер астындагы суулардын туздалуусунан жапа чегип келишет. Мындан сырткары, Тынч океанда суунун деңгээли жогорулап, көпчүлүк аралдар суу астында калууда. Жер планетасын ысык аба ырайы каптаганда дал ушундай катаклизмдер көбөйө баштайт.

© REUTERS / Lucas JacksonГренландиядагы айсбергдин сыныктары.
БУУ жер планетасы болуп көрбөгөндөй катастрофага кабыларын эскертти
Гренландиядагы айсбергдин сыныктары. - Sputnik Кыргызстан
1/15
Гренландиядагы айсбергдин сыныктары.
БУУ жер планетасы болуп көрбөгөндөй катастрофага кабыларын эскертти
© REUTERS / Ricardo MoraesБУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык тобу глобалдык жылуулук тездик менен өсүп жатканын билдирди.
Сүрөттө: Рио-Пардодо (Рондония, Бразилия) дарак күйүп жатат
Рио-Пардодо (Рондония, Бразилия) дарак күйүп жатат - Sputnik Кыргызстан
2/15
БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык тобу глобалдык жылуулук тездик менен өсүп жатканын билдирди.
Сүрөттө: Рио-Пардодо (Рондония, Бразилия) дарак күйүп жатат
© REUTERS / Yiannis KourtoglouОкумуштуулар 2030-жылы жер жүзүндө абанын температурасы жогорку чегинен дагы 1,5-2 градуска ысык болорун белгилейт.
Сүрөттө: Кипрде планетада климаттын өзгөрүүсүнө арналган акцияда турган балдар
Кипрде планетада климаттын өзгөрүүсүнө арналган акцияда турган балдар - Sputnik Кыргызстан
3/15
Окумуштуулар 2030-жылы жер жүзүндө абанын температурасы жогорку чегинен дагы 1,5-2 градуска ысык болорун белгилейт.
Сүрөттө: Кипрде планетада климаттын өзгөрүүсүнө арналган акцияда турган балдар
© AFP / Noah BergerАдистердин белгилешинче, глобалдуу ысык бүт дүйнөгө кедергисин тийгизип, аны туруксуз абалга кептейт.
Сүрөттө: Калифорниядагы суу ташкынынын кесепети
Калифорниядагы суу ташкынынын кесепети - Sputnik Кыргызстан
4/15
Адистердин белгилешинче, глобалдуу ысык бүт дүйнөгө кедергисин тийгизип, аны туруксуз абалга кептейт.
Сүрөттө: Калифорниядагы суу ташкынынын кесепети
© AFP / Robyn BeckКлиматтык өзгөрүүлөрдө Жер жүзүндө жаан көп болуп, андан суу ташкындары пайда болот. Аймактарды кургакчылык каптап, деңиздеги суунун деңгээли көтөрүлөт
Климаттык өзгөрүүлөрдө Жер жүзүндө жаан көп болуп, андан суу ташкындары пайда болот. Аймактарды кургакчылык каптап, деңиздеги суунун деңгээли көтөрүлөт - Sputnik Кыргызстан
5/15
Климаттык өзгөрүүлөрдө Жер жүзүндө жаан көп болуп, андан суу ташкындары пайда болот. Аймактарды кургакчылык каптап, деңиздеги суунун деңгээли көтөрүлөт
© AP Photo / Victor CaivanoОкумуштуулар соңку жумаларда эле дүйнө жүзүндө аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болгонун эскертишет.
Сүрөттө: канаттуулар Аргентинадагы кургакчылыкта дээрлик кургап калган Олд Парана дарыясынын үстүнөн учууда
канаттуулар Аргентинадагы кургакчылыкта дээрлик кургап калган Олд Парана дарыясынын үстүнөн учууда - Sputnik Кыргызстан
6/15
Окумуштуулар соңку жумаларда эле дүйнө жүзүндө аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болгонун эскертишет.
Сүрөттө: канаттуулар Аргентинадагы кургакчылыкта дээрлик кургап калган Олд Парана дарыясынын үстүнөн учууда
© REUTERS / Jonathan DrakeСуу ташкыны Европа, Кытай жана Индияга эбегейсиз чыгым алып келди. Ал эми АКШ, Канада, Греция жана Түркияда токойлор өрттөнүп, жалын улам күч алууда.
Сүрөттө: Түндүк Каролинадагы (АКШ) бороондон кийинки суу ташкыны
Түндүк Каролинадагы (АКШ) бороондон кийинки суу ташкыны - Sputnik Кыргызстан
7/15
Суу ташкыны Европа, Кытай жана Индияга эбегейсиз чыгым алып келди. Ал эми АКШ, Канада, Греция жана Түркияда токойлор өрттөнүп, жалын улам күч алууда.
Сүрөттө: Түндүк Каролинадагы (АКШ) бороондон кийинки суу ташкыны
© REUTERS / David BeckerАКШнын Калифорния аймагында мээ кайнаткан ысыкта муз салынган идишти башына коюп жан сактаган киши. Соңку 50 жылда абанын табы тездик менен жогорулап жатат
АКШнын Калифорния аймагында мээ кайнаткан ысыкта муз салынган идишти башына коюп жан сактаган киши. Соңку 50 жылда абанын табы тездик менен жогорулап жатат - Sputnik Кыргызстан
8/15
АКШнын Калифорния аймагында мээ кайнаткан ысыкта муз салынган идишти башына коюп жан сактаган киши. Соңку 50 жылда абанын табы тездик менен жогорулап жатат
© REUTERS / Stephen LamЖер планетасын ысык каптаганда катаклизмдер көбөйө баштайт.
Сүрөттө: Калифорнияда (АКШ) өрт алган үй
Калифорнияда (АКШ) өрт алган үй - Sputnik Кыргызстан
9/15
Жер планетасын ысык каптаганда катаклизмдер көбөйө баштайт.
Сүрөттө: Калифорнияда (АКШ) өрт алган үй
© REUTERS / Ueslei MarcelinoБразилиянын Параиба штатындагы Бокейрао суу сактагычынын кургап бараткан жерлериндеги жаракалардын көрүнүшү
Бразилиянын Параиба штатындагы Бокейрао суу сактагычынын кургап бараткан жерлериндеги жаракалардын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
10/15
Бразилиянын Параиба штатындагы Бокейрао суу сактагычынын кургап бараткан жерлериндеги жаракалардын көрүнүшү
© REUTERS / David McNewКөптөгөн өлкөлөр бир топ убакыттан бери узакка созулган кургакчылыктан жана айыл чарбасына зыян келтирүүчү жер астындагы суулардын туздалуусунан жапа чегип келишет.
Сүрөттө: Калифорниядагы (АКШ) өрт учурунда күл аралашкан куюн
Калифорниядагы (АКШ) өрт учурунда күл аралашкан куюн - Sputnik Кыргызстан
11/15
Көптөгөн өлкөлөр бир топ убакыттан бери узакка созулган кургакчылыктан жана айыл чарбасына зыян келтирүүчү жер астындагы суулардын туздалуусунан жапа чегип келишет.
Сүрөттө: Калифорниядагы (АКШ) өрт учурунда күл аралашкан куюн
© REUTERS / Peter NichollsЛондондо плакат көтөрүп нааразычылык билдирип турган адам
Лондондо плакат көтөрүп нааразычылык билдирип турган адам - Sputnik Кыргызстан
12/15
Лондондо плакат көтөрүп нааразычылык билдирип турган адам
© AP Photo / Petros Karadjias2021-жылдын 11-августунда Сицилияда абанын температурасы 48,8 градуска жетти. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, буга чейинки рекорд 1977-жылы июль айында Афиныда катталган. Анда абанын табы 48 градуска чыккан
2021-жылдын 11-августунда Сицилияда абанын температурасы 48,8 градуска жетти. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, буга чейинки рекорд 1977-жылы июль айында Афиныда катталган. Анда абанын табы 48 градуска чыккан - Sputnik Кыргызстан
13/15
2021-жылдын 11-августунда Сицилияда абанын температурасы 48,8 градуска жетти. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, буга чейинки рекорд 1977-жылы июль айында Афиныда катталган. Анда абанын табы 48 градуска чыккан
© REUTERS / Bob StrongКүндүн ысыгынан улам мөңгүлөр эрийт.
Сүрөттө: Гренландиядагы айсберг
Гренландиядагы айсберг - Sputnik Кыргызстан
14/15
Күндүн ысыгынан улам мөңгүлөр эрийт.
Сүрөттө: Гренландиядагы айсберг
© Sputnik / Aerial Forest Protection Service / Медиабанкка өтүүРоссияда жыл башынан бери июль айына чейин 11,5 миллион гектар аянтты өрт алды. Ал аймактардын 70 пайызы Тюмень, Омск, Новосибирск облустарына жана Якутияга таандык.
Сүрөттө: "Авиалесоохрана" уюмунун кызматкери Якутиядагы өрттү өчүрүп жаткан учур
Авиалесоохрана уюмунун кызматкери Якутиядагы өрттү өчүрүп жаткан учур - Sputnik Кыргызстан
15/15
Россияда жыл башынан бери июль айына чейин 11,5 миллион гектар аянтты өрт алды. Ал аймактардын 70 пайызы Тюмень, Омск, Новосибирск облустарына жана Якутияга таандык.
Сүрөттө: "Авиалесоохрана" уюмунун кызматкери Якутиядагы өрттү өчүрүп жаткан учур
Жаңылыктар түрмөгү
0