Бишкекте коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 71 пункт иштөөдө. Тизме

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМедицинский работник набирает в шприц вакцину от COVID-19. Архивное фото
Медицинский работник набирает в шприц вакцину от COVID-19. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Вируска каршы эмдөө пунктулары соода борборлорунда, сейил бак, билим берүү мекемелеринде да даярдалган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкекте коронавируска каршы вакцина жасоо үчүн 71 пункт уюштурулган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, эмдөө пунктулары ооруканаларда гана эмес, башка да мекемелерде даярдалган:

  • № 19 үй-бүлөлүк медицина борбору жана 7 филиал;
  • Студенттер үчүн шаардык бейтапкана;
  • Спорттук-реабилитациялык борбор;
  • Темир жол ооруканасы;
  • Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы (Спецполиклиника);
  • 8 жеке медициналык борбор;
  • 3 билим берүү мекемеси;
  • конуштардагы 19 медициналык амбулатория;
  • 8 соода борбору;
  • 2 сейил бак (парк).

Республикалык штаб Бишкек шаарында коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 118 миңден ашканын айтып, ордо калаада ыктыярчылар калкка эмдөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0