Министрлик тажрыйбасы жок айдоочуларды эл ташууга тартууну сунуштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаршрутка айдоочусу. Архив
Маршрутка айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Транспорт министрлиги жүргүнчү ташыгандар тармагында кандай көйгөйлөр бар экенин санап берип, жаш кадрлар жетишпей жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 10-авг.— Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлиги тажрыйбасы жок жаш айдоочуларды жүргүнчү ташууга тартууну сунуштады.

"КР лицензиялык уруксат берүү системасы тууралуу", "Транспорт тууралуу", "Автотранспорт жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоору министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлган.

Маалым болгондой, "Автотранспорт тууралуу" мыйзамдын 6-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн азыркы нормада жүргүнчүлөрдү тиешелүү категория боюнча айдоочулук күбөлүгү бар, иш тажрыйбасы үч жылдан кем болбогон айдоочулар ташый алат деп жазылган.

Министрлик мындай норма айдоочулардын курамын жаңылоого тоскоолдук жаратат деп эсептейт. Себеби жаш кадрлар келбей жатат.

Унаанын ачкычы, акча жана телефон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
"Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу мыйзамы күчүнө кирди. Канчага кыскарат
"Буга байланыштуу жаш кадрлар чет мамлекеттерге кетип жатат. Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында көбүнчө улуу жана улгайган муундун өкүлдөрү иштөөдө. Алар көп жумушту көтөрө албай, мындан улам жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна да таасири тийип калышы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы нормага өзгөртүү киргизүү D категориясында айдоочулук күбөлүгү бар, сыноодон өткөн жаш кадрларды жүргүнчү ташууга тартууга жардам бере турганы айтылды. Ошондой эле кайрадан даярдыктан өткөн айдоочуларды да жумуш менен камсыз кылууда жеңилдик боло турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0