Кыргызстанда баланы алты айга чейин эмизген энелер 46 пайызды түзөт. Эмчек сүтү менен тамактанган наристелердин жылдан-жылга азайышы социалдык абалга, иштеген аялдарга байланыштуу болууда. Ошону менен бирге стресстен, депрессиядан, балага мээрим төгүп эмизбегендиктен улам сүт азайып, бала тойбой кошумча азыкка өтүп кетүүдө. Бул тууралуу Аида Идрисова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Идрисова: Кыргызстанда баланы алты айга чейин эмизген энелер 46 пайызды түзөт
Анын айтымында, шаардагыларга караганда айыл жергесинде баланы эмчек сүтү менен баккан энелер көп.
"Кыргызстанда баланы алты айга чейин эмизген энелердин саны 46 пайызды гана түзөт. Буга социалдык абал, аялдардын иштегени себеп болууда. Ошону менен бирге стресстен, депрессиядан, балага мээрим төгүп эмизбегендиктен улам сүт азайып, бала тойбой кошумча азыкка өтүп кетүүдө. Негизи алгачкы 1,5 айда эненин сүтүнүн азаюусу байкалат. Бала чоңойгон сайын тыңыраак эмип баштагандыктан сүт кайра көбөйөт. Көп энелер ушул нерсени түшүнбөй наристеге 1-2 айында кошумча тамак берип башташат. Бул учурда баланы бат-бат, жарым саат сайын эмизип же эмчекти саап туруу талап кылынат. Ошондо сүт кайра келип баштайт. Алсак, төрөттөн соң эне капельница алып, кан кетип, өзүнө келгиче бала эмизе албай калса маселе жаралышы мүмкүн. Бирок релактация деген түшүнүк бар. Айрым төрөбөгөн аялдар деле бала багып алып же карын эне аркылуу балалуу болгон учурда наристени эмизе берсе, эмчек бези чоңоюп сүт чыгышы мүмкүн. Ошондой эле эненин ашказаны кандай иштесе, баланын да ичегилери ошондой абалда болот. Мындайча айтканда, энеде зат алмашуу жакшы болсо, баланын ичи оорубай, зат алмашуусунда маселе жаралбайт", — деди Идрисова.
Неанотолог эненин сүтүнүн курамындагы 42 микро рибонуклеиндик кислота баланы көп оорулардан коргой турганын кошумчалады.