Мэрия шаардыктарды ишембиликке чакырды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүИшембиликтин катышчуусу. Архив
Ишембиликтин катышчуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, ишембиликте көчө, короо, парк, сквер, ирригациялык системалар тазаланат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мэрия 7-августта Бишкекте ишембилик өтө турганын билдирип, шаардыктарды ордо калааны тазалашууга чакырды.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, ишембиликте көчө, короо, парк, сквер, ирригациялык системалар тазаланат.

"Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер, шаарыбызды чогуу тазалайлы", — деп айтылат маалыматта.

Ишембилик өтө турчу аймактар райондук администрациялар аркылуу бөлүнөрү кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0