БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада мелдешинин коло байгеси үчүн таймашуучу атаандашы аныкталды. Ал түркиялык Ясемин Адар болду. Адар бүгүн, 2-августта, көңүл жубатуучу беттеште Тунис өлкөсүнүн атлети Зейнеп Схайерди 2:0 эсебинде утту. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.
Кыз-келиндердин байге үчүн беттештери кечки саат 17лерде болот.
Кыргызстандык спортчу кыз жарым финалда америкалык Аделина Мария Грейге татыктуу таймаш көрсөтүп, 2:3 эсебинде жеңишти алдырды.
Айпери чейрек финалды россиялык олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп жарым финалга чыккан. Ал эми баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңген.
Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак категориясында ат салышып жатат. Бул анын алгачкы жолку Олимпиада мелдеши.