Күн кайрадан ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОзеро Комсомольское в Бишкеке
Озеро Комсомольское в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болот. Экинчи жарымында айрым жерлерде өткүн өтүп, ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал жүрөт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаары

Борбор калаада 30-июлда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Калган учурда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-июлда күндүз 14 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй облусу

Апта бою негизинен күн ачык болот. Болгону 30-июлда күндүз жана 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Талас облусу

Талас өрөөнүндө жуманын көпчүлүк күндөрүндө күндүн көзү бузулбайт. Анткен менен аптанын аягында шамал болору күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 29-30-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда аба ырайы бирдей болору божомолдонууда. Аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болуп, 30-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк райондордо, күндүз тоолуу аймактарда гана өткүн өтөт.

Ысык-Көл облусу

29-30-31-июль күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүп жатат.

Нарын облусу

25-26-июлда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 28-30-31-июлда кээ бир райондордо өткүн өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0