Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шейшенов: студенттерди үч жылга Германияда иштеп-окуп келүүгө жөнөтүүдөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель образовательного центра, занимающегося занятостью студентов в летнее время Нурдин Шейшенов
Руководитель образовательного центра, занимающегося занятостью студентов в летнее время Нурдин Шейшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу менен алектенген билим берүү борборунун башчысы Нурдин Шейшенов Германияга иштөө үчүн алгач ирет студенттерди 2012-жылы жөнөтүшкөнүн айтты.

2020-жыл март айынан баштап Германия Европа өлкөлөрүнөн башка да мамлекеттерге жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн ачты. Пандемиядан улам бул программа анча актуалдуу болгон жок. Азыр студенттерден тышкары диплому бар, немис тилин билген адистерти жумушка орноштуруудабыз. Бул тууралуу Нурдин Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Шейшенов: студенттерди үч жылга Германияда иштеп-окуп келүүгө жөнөтүүдөбүз

Анын айтымында, кыргызстандыктардын Европа өлкөлөрүндөгү сезондук жумушка орношуусуна жардам берген борборлордун кызматы барган сайын суроо-талапка ээ болуп жатат.

"Биздин программа адамдарды башка мамлекетке жумушка орноштурган акы төлөнүүчү кызмат. Мурда 3000-4000 долларга документин даярдап, иштөөгө жөнөтүлсө, бара-бара студенттерге ылайыктап бааны төмөндөткөнгө аракет кылдык. Айрым балдар 500 долларга документин даярдап Германияга кете алышты. Ошондой эле биздин көрсөткөн кызматка барып иштеп биринчи айлыгын алгандан кийин төлөө мүмкүнчүлүгүн түздүк. Программа боюнча сентябрда студенттер немис тилин окуп башташат. Биздин Германияда 80ден ашык өнөктөшүбүз бар. Декабрда алар Кыргызстанга келип сүйлөшүү өткөрүп, документтерди даярдап баштайт. Майдын аягынан баштап студенттердин биринчи этабы кетет. Пандемияга байланыштуу биздин кызматка өзгөрүүлөр кирди. Азыр жайкы мезгилде гана эмес, бир жылдык практика, үч жылга чейин  иштеп-окуп билим алууга жиберүүдөбүз. Үч жылдык келишимде 80 пайызы практика, калганы теория түрүндө окутулат. Жыйынтыгында колледж деңгээлинде диплом алып, ал жакта иштеп калат. Аны менен бирге IT тармагында иштеп, окуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Студенттердин тил билүү деңгээлине жараша ар кайсы тармакка жумушка орношо алат. Алсак, тилди эң жакшы билгендер гастрономия, отель, соода үйлөрүндө иштешет. Ал эми заводдорго, айыл чарба, талаа иштерине тил билбей эле барса болот", — деди Шейшенов.

Ал аталган борбор жиберген адамдар ар кандай кырдаалда калса, маселен, жол эрежелерин билбей жатса же документтери жоголсо эмне кылып, кимге кайрылууну үйрөтүшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0