БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Быйыл Бишкектин четиндеги Рухий-Мурас конушунда мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Баш калаанын Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев конуштун тургундары менен жолуккан.
"Аким быйыл шаардык бюджеттин эсебинен Рухий-Мурас конушунда жалпы билим берүүчү орто мектептин курулушу башталарын айтты. Жаңы мектеп 700 орунга ылайыкташкан. Долбоорлоо-сметалык документтери толук бүткөн. Учурда мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер өткөрүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Бийлик өкүлү ыш маселесин чечүү боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аймакты газдаштыруу менен маселе чечилерин белгиледи.
Мындан сырткары, жолугушууда шаардык транспорт башкармалыгына Учкун — Аламүдүн-1 — № 5 ҮДТ (ЦСМ) — "Таатан" базары багыты боюнча кошумча марштруттук каттам иштеп чыгуу тапшырылды.