Врачка жардам болсун, антибиотиктерди башаламан ичпегиле! Эксперттин маеги

© Фото / Pexels/ Polina TankilevitchСасык тумоонун белгилери менен аял. Иллюстративдик сүрөт
Сасык тумоонун белгилери менен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Бейтаптын башы ооруп, бирок эти көп ысыбайт, жөтөлбөйт, булчуңдары сыздайт... Социалдык медианын пайдалануучулары ушундай белгилерди жазып, айрымдарда бул кадимки сасык тумоо болуп жүрбөсүн же чындап эле SARS-CoV-2нин жаңы штаммыбы деп суроо салышат.
Алдыңкы медиаэксперт, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү камсыздандыруу фондунун маалымат кызматынын өкүлү Света Байтикова менен баарлашып, коронавирустун тегерегиндеги кырдаалды талдадык.
— Былтыр COVIDге кабылгандардын көпчүлүгүндө жөтөл, тер басуу, энтигүү жана сатурациянын төмөндөшү байкалат. Быйыл адамдар кадимки гриппке окшош белгилерди айтууда. Мутацияланган вирус өз клиникасын өзгөрттү дешке болобу?
— Азыр өлкөдө сасык тумоонун убагы эмес. Адатта ал көктөмдө же күзүндө башталат. Ал эми коронавирустун маалы болбойт. Кытай, британ же индиялык штаммдардын чоң айырмачылыгы деле жок. Ал эми эти катуу ысыдыбы, шайы кетип, тердеп жатабы — мунун баары жеке адамга жараша. Бирок былтыр бир ноокас үч-төрт кишиге жугузса, азыр бул эки эсеге өстү.
Жаңы штаммдын клиникасы тез өрчүйт, инкубациялык мөөнөтү өтө кыска: жуккандан өпкөнүн кагынышына дейре аз эле убакыт. Анан да дене табы көтөрүлбөй туруп эле бул абалга өтүп кетиши да мүмкүн. Илдеттин белгилери былтыркыдай эле — баш катуу ооруйт, ичеги-карындын иштеши бузулат ж.б. Баары адамдын дартты кантип көтөргөнүнө жараша.
© Фото / Алишер АлиевСвета Байтикова: илдеттин белгилери былтыркыдай эле — баш катуу ооруйт, ичеги-карындын иштеши бузулат ж.б. Баары адамдын дартты кантип көтөргөнүнө жараша
Ведущий медиаэксперт Света Байтикова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Света Байтикова: илдеттин белгилери былтыркыдай эле — баш катуу ооруйт, ичеги-карындын иштеши бузулат ж.б. Баары адамдын дартты кантип көтөргөнүнө жараша
— Суткасына ондогон жарандарыбыздан, анын ичинде дарыгерлерден айрылган "кара июлдан" бери туура бир жыл өттү. Жоготуулар дале болууда. Бул убакыт деле бизди эч нерсеге үйрөтө албагандай...
— Жакында биз "кызыл" зонанын врачтарына коронавирустук инфекциянын оор формасына кабылган бейтаптардын саны өсүп, алигүнчө өлүм катталып жатканы эмнеге байланыштуу экенин сурадык. Себеби "кызыл" зонадагы бир жылдык тынымсыз иш, топтолгон тажрыйба жана клиникалык протоколдор коронавируска кабылгандар арасындагы өлүм санын кыскартууга тийиш эле.
Врачтар: "Эгер былтыр улгайган бейтаптар көп түшсө, быйыл 28 жаштан өйдө жаштар көп кабылууда. Алар антибиотиктин бир нече түрүн, ал түгүл стационар, кайра жандандыруу бөлүмүндө, өтө оор учурларда дарыгерлер жаза турган дары-дармектерди ичип, негизинен үйдө дарыланууда. Өздөрү билип гормондорду да туш келди пайдаланып жатышат. Ошондон соң гана вирустук жана бактериялык инфекциялардан тышкары аларда кандидоз (грибок) да күч алганда бизге кайрылууда. Ал эми бул ого бетер абалды оорлотот! Адамдар өздөрү аңдабастан бизди аргасыз абалга кептөөдө, алардан кийин дарылоочу каражат калбай калууда", – деп жооп беришти.
— Азыр күндүзгү стационарлар иштебей үй-бүлөлүк дарыгерлер ноокастарды бейтапканалардан мобилдик бригадаларды үйдөн күткүлө деп жөнөтүүдө. Ал эми алар барганча бир нече сутка өтөт. Мындайда эмне кылуу зарыл?
— Саламаттык сактоо министрлигинин кеңештерин тыңдоо абзел! Эгер өзүңүздө же жакындарыңызда COVID-19дун белгилери байкалса, башкаларга жугузбоо үчүн үйдө отуруу керек.
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Кыргызстандык вирусолог: азыр COVID адамды болушунча өлтүрбөгөнгө аракет кылууда
118 номерине же жакынкы бейтапканага телефон чалсаңыз, алар кеңеш берип, үйдө дарыланууну жазышат. Мобилдик бригада келип, ПЧР-тестин акысыз алышат. Эгер дене табы 38 градустан көтөрүлсө, аны ибупрофен, аспирин (эгер ичеги-карын оорусу болбосо), парацетамол (эгер боор оору болбосо) менен түшүрүү керек.
Эгер жөтөл (кургак, какырык менен) башталса дароо рентген же компьютердик томографияга тарттырууга чуркабастан, жашаган жериңизге жооптуу врачка телефон чалыңыз. Ал сизге бронхолитиктерди жазат. Эгер ичиңиз өтсө, бул же ичеги-карын инфекциясы (жуулбаган жашылча-жемиш же башка жеп алган болсоңуз, өзүңүз талдап көрүңүз), же коронавирус болушу ыктымал.
Дааратканага барган соң сууну унитаздын капкагын жаап туруп агызыңыз. ПЧР-тесттин жыйынтыгы "терс" деп чыккан күндө да ичегилерде вирус бир айдан ашуун активдүү фазада калат. Жакындарыңыз туалетке сизден соң 30 мүнөт өткөндө киргени дурус.
— Бул жеңил формада ооругандарга туура келсе керек. Ооруканага жатуусу зарыл ноокастар кайда кайрылат? Мобилдик бригада стационарга жеткире алабы?
— Мобилдик бригада ооруканага жайгаштырбайт. Ал дарылануу боюнча, анын ичинде стационарлардагы бош орундар тууралуу кеңеш берет, тамак жана мурундан коронавируска мазок алышат. Аны 118ге чалып чакырууга болот. Ушул тапта чакыруулардын көптүгүнөн бригадалар үч сутка аралыгында келүүдө. Эгер бир нече күн катар дене табы түшпөсө (анча жогору болбосо да) жана демиге берсе, мобилдик бригаданы күтпөй тез жардам чакыртыңыз.
Рентген, томографиядан өтүүнүн кереги жок, врачтар клиникалык картинага карап эле коронавирус болуп-болбогонун билишет. Тез жардам ооруканага жаткыруу менен түздөн-түз алектенет. Жашаган жериңиздеги врач менен байланышта болуп, телефон чалып, кеңешип туруңуз. Коркпоңуз, паникага алдырбаңыз, врачтын кеңештеринен чыкпаңыз.
— Мобилдик бригада же тез жардам келгенче абалды жеңилдетип, негизгиси өзүңө зыян келтирип албоо үчүн эмне кылууга болот?
— Организмдин ууланышын, баш ооруну басаңдатуу үчүн суюктукту көбүрөөк ичүү керек. Муну ар бир адам билүүгө тийиш! Кусууга түрткү болгудай литрлеп эмес, кичинеден, улам ууртап турган оң. Бул эмнеге жардам берет? Организмде вирус көбөйүп кеткенде токсиндердин (вирус, грибок же инфекциялык субстанциялардын уулуу материалдары) чыгындысы канга түшөт. Мындан улам организм ууланат, баш жана булчуңдардын ооруганы ошондон. Токсиндердин көп топтолуп, эти катуу ысыгандыктан ноокастын каны коюуланып кетет. Бул инсульт жана инфарктка кептеши ыктымал.
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинасы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги
Суюктук көп ичип, дааратканага тез-тез барып, көп тердеген оң, токсиндер заара жана тер менен чыгат. Малина, лимон, карагат менен чай ичиңиздер, аларда С витамини көп. Коронавируска кабылганда С гана тургай, Д витамининин да деңгээли түшөт. Бизде күн жакшы тиет, негизинен биз аталган витаминдин таңсыктыгынан жабыр тартпашыбыз керек. Бирок ал тез бузулат, ошондуктан аны адаттагыдай кичинеден эмес, 5тен 10го чейинки эл аралык ченемде тамак менен чогуу түшкө чейин ичүү керек. Цинк да 75-85 миллиграммдык өлчөмдө зарыл. Ал вирустун көбөйүшүн басаңдатып, организмге аны менен күрөшүүгө көмөктөшөт.
Үч витамин тең – вируска каршы күрөштө өтө маанилүү жардам. Муну эске алып койгон оң. Анан да маанайды бийик тутуңуздар. Дарыгерлерге жардамыңыздар болсун: антибиотиктерди башаламан пайдалана бербегиле!
Жаңылыктар түрмөгү
0