Ат-Башы акимчилигинен акча талап кылып опузалаган. Алдамчы "чекисттин" сүрөтү
13:02 09.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Photo / Pexels / Tima MiroshnichenkoДолларлар менен кишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт
© Photo / Pexels / Tima Miroshnichenko
Жазылуу
Кармалган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, актыны бурмалоо үчүн пара талап кылган.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып Ат-Башы райондук акимчилигинен 100 доллар пара талап кылган алдамчы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн. Андан соң түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берүүнү убадалап жетекчиликтен 100 доллар талап кылган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБилдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн
Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Натыйжада ал УКМК тарабынан кармалып, Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандар болсо УКМКнын Нарын облусундагы (03522) 50849 ишеним телефонуна кайрылуу сунушталат.