00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айтса санаты бүтпөгөн Саякбай. Улуу манасчынын көпчүлүк көрө элек сүрөттөрү

Жазылуу
Улуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Ал аян алып, баатырлардын батасынан кийин "Манас" айта баштаган.

Саякбай Каралаев "Манасты" эл алдында 1925-жылдан баштап толук айткан. 1930-жылдардын баш чендеринен тартып манасчы катары коомчулукка билинип, 1935-жылдан тартып андан эпостун тексттери жазыла баштайт. 1936-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча "Манас" эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин "Семетей", "Сейтек" жазылып алынган. Мурда белгисиз Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. "Манас" эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500 553 ыр сабын түзгөн.

Ошентип "Манас" дүйнөдө өзү сыяктуу чыгармалардын ичиндеги көлөм жагынан теңдеши жок эпос болсо, Саякбай Каралаев манасчылардын арасындагы эң чоң варианттын жаратуучусу.

Солдон оңго Саякбай Каралаев, драматург Касымалы Жантөшев, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, акын Кубанычбек Маликов, адабиятчы Өмүркул Жакишев жана жазуучу Аалы Токомбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2018
Кара көз айнекчен Саякбай Каралаев менен залкарлар чай үстүндө. Таберик сүрөт
Казак элинин белгилүү алп жазуучусу Мухтар Ауэзов Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" эпосун жаздыртуу учурунда катуу таасирленип, көз жаш төккөн да жайы бар. Кийин ал киши улуу манасчыга "Акыркы могикан" деген сыймыктуу ат ыйгарган.

Манасчы 1938-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасынын жана андан кийинки декадаларга да катышат. Ал эми 1935-1954-жылдары филармонияда иштеген.

Каралаев "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу аңгеме, жомокторду жараткан.

Каралаев мүнүшкөр дагы болгон. Бул анын жан дилин берген сүйүктүү иши эле. Ал "Көйрөңкара", "Боз жигит", "Күлдүбадам", "Карачолок" деген бүркүттөрүн Көлдөгү туугандарына бактырып, шаардан колу бошор менен Көлгө барып бүркүт салып турган. "Карачолок" аттуу бүркүтү менен кинофильмге тартылып, анысы эстелик болуп калды.

1971-жылдын майында улуу манасчы ооруканага түшүп калып, эч кимди тааныбай калган. Бирок оору менен алышып жатса да оозунан түшүрбөй  "манас" күңгүрөнүп, унуткан эмес. Акыркы деми калгыча "Манас" айткан Каралаев 77 жашында дүйнө салган.

Саякбай Каралаевге 1939-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы ыйгарылган.

Саякбай Каралаевдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2016
Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты
Улуу манасчынын айкелин скульптор Тургунбай Садыков 1962-жылдары манасчыны эптеп көндүрүп алып келип, маңдайына отургузуп коюп жасаган экен. Бул окуяны бедизчи кийин кыргыздын Гомерин эскерүү учурунда айтып берген.

Каралаевдин элесин полотного түшүргөн сүрөтчүлөр да болгон. Белгилүү сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов эки ирет тартып, буга жети жылдык өмүрүн короткон экен.

Мындан тышкары, Саякбай Каралаевге арнап режиссёр Болот Шамшиев "Манасчы" даректүү фильмин тарткан. Бул тасма Германияда өткөн сынакта 80 фильмдин ичинен баш байгени багынтып, алтын медаль алат. Андан кийин да белгилүү режиссёр Мелис Убукеев "Саякбай Каралаев" аттуу үч бөлүктөн турган кинокартина жараткан. Режиссёр 1988-жылы бул линияны "Улуу манасчы" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу фильм менен уланткан.

Кийинки жылдары Эрнест Абдыжапаров да манасчынын бейнесине багыштап көркөм фильм жаратты.

Ошондой эле 2000-жылы чыгарган 500 сом өлчөмүндөгү кагаз акчага Улуттук банк Саякбай Каралаевдин сүрөтүн түшүргөн.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабияты декадасынын катышуучусу Саякбай Каралаевдин "Манас" айткан учуру. "Кызыл Кыргызстан" гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган "Манасты" уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган
1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабияты декадасынын катышуучусу Саякбай Каралаевдин Манас айткан учуру. Кызыл Кыргызстан гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган Манасты уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган - Sputnik Кыргызстан
1/18
1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабияты декадасынын катышуучусу Саякбай Каралаевдин "Манас" айткан учуру. "Кызыл Кыргызстан" гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган "Манасты" уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКаралаев 1935-1954-жылдары филармонияда иштейт, бир нече ирет маданий кечелерге катышып Москвага да барган. Ошондой иш-чаралардын биринде акын Абдыкалык Чоробаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, жазуучу Аалы Токомбаев жана манасчы Саякбай Каралаев сүрөткө (солдон оңго) түшкөн. Москва, 1961-жыл
Каралаев 1935-1954-жылдары филармонияда иштейт, бир нече ирет маданий кечелерге катышып Москвага да барган. Ошондой иш-чаралардын биринде акын Абдыкалык Чоробаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, жазуучу Аалы Токомбаев жана манасчы Саякбай Каралаев сүрөткө (солдон оңго) түшкөн. Москва, 1961-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/18
Каралаев 1935-1954-жылдары филармонияда иштейт, бир нече ирет маданий кечелерге катышып Москвага да барган. Ошондой иш-чаралардын биринде акын Абдыкалык Чоробаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, жазуучу Аалы Токомбаев жана манасчы Саякбай Каралаев сүрөткө (солдон оңго) түшкөн. Москва, 1961-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРМосквада өткөн Тоголок Молдону эскерүү кечесинде тартылган сүрөт. Акын-жазуучулар (солдон оңго) Абдыкалык Чоробаев, Касымалы Жантөшев, Николай Грибачев, манасчы Саякбай Каралаев жана өзбек акыны Гафур Гулям маектешүүдө
Москвада өткөн Тоголок Молдону эскерүү кечесинде тартылган сүрөт. Акын-жазуучулар (солдон оңго) Абдыкалык Чоробаев, Касымалы Жантөшев, Николай Грибачев, манасчы Саякбай Каралаев жана өзбек акыны Гафур Гулям маектешүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/18
Москвада өткөн Тоголок Молдону эскерүү кечесинде тартылган сүрөт. Акын-жазуучулар (солдон оңго) Абдыкалык Чоробаев, Касымалы Жантөшев, Николай Грибачев, манасчы Саякбай Каралаев жана өзбек акыны Гафур Гулям маектешүүдө
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРМанасчы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декаданын жана кийинки декадалардын катышуучусу. Анын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланган. Сүрөттө манасчы Саякбай Каралаев, акын Кубанычбек Маликов, артисттер Кемел Албанов жана Имаш Эшимбеков. Каралаевдин абдан тамашакөй болгону айтылып келет
Манасчы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декаданын жана кийинки декадалардын катышуучусу. Анын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланган. Сүрөттө манасчы Саякбай Каралаев, акын Кубанычбек Маликов, артисттер Кемел Албанов жана Имаш Эшимбеков. Каралаевдин абдан тамашакөй болгону айтылып келет - Sputnik Кыргызстан
4/18
Манасчы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декаданын жана кийинки декадалардын катышуучусу. Анын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланган. Сүрөттө манасчы Саякбай Каралаев, акын Кубанычбек Маликов, артисттер Кемел Албанов жана Имаш Эшимбеков. Каралаевдин абдан тамашакөй болгону айтылып келет
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСаякбай маектеринин биринде "өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. "Манасты" толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм" деген. Ал тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн бою "Манас" айткан экен
Саякбай маектеринин биринде өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. Манасты толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм деген. Ал тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн бою Манас айткан экен - Sputnik Кыргызстан
5/18
Саякбай маектеринин биринде "өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. "Манасты" толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм" деген. Ал тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн бою "Манас" айткан экен
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРМанасчы Саякбай Каралаев кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен түшкөн сүрөт. Улуу манасчы 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон
Манасчы Саякбай Каралаев кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен түшкөн сүрөт. Улуу манасчы 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон - Sputnik Кыргызстан
6/18
Манасчы Саякбай Каралаев кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен түшкөн сүрөт. Улуу манасчы 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСаякбайдын айтуусунда Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрү, Кенендин жана анын уулдары Алымсарык менен Кунансарыктын окуялары кагазга түшүрүлгөн
Саякбайдын айтуусунда Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрү, Кенендин жана анын уулдары Алымсарык менен Кунансарыктын окуялары кагазга түшүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
7/18
Саякбайдын айтуусунда Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрү, Кенендин жана анын уулдары Алымсарык менен Кунансарыктын окуялары кагазга түшүрүлгөн
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСаякбай Каралаев өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда отурат. Улуу манасчынын эки уулу жана төрт кызы болгон. Фрунзе шаары
Саякбай Каралаев өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда отурат. Улуу манасчынын эки уулу жана төрт кызы болгон. Фрунзе шаары - Sputnik Кыргызстан
8/18
Саякбай Каралаев өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда отурат. Улуу манасчынын эки уулу жана төрт кызы болгон. Фрунзе шаары
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРАкыркы могикан аталган Саякбай Каралаев үй-бүлөсү менен. 1959-жыл
Тулку боюна Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да эпостогу ээрчишкен баатырлар өзүнө жакын Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган
Акыркы могикан аталган Саякбай Каралаев үй-бүлөсү менен. 1959-жыл
Тулку боюна Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да эпостогу ээрчишкен баатырлар өзүнө жакын Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган - Sputnik Кыргызстан
9/18
Акыркы могикан аталган Саякбай Каралаев үй-бүлөсү менен. 1959-жыл
Тулку боюна Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да эпостогу ээрчишкен баатырлар өзүнө жакын Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРЖергиликтүү кеңешти шайлоо учуру. Фрунзе шаарындагы №18 шайлоо участкасында манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев байбичеси Бейшекан, келини Азим менен добуш берип жаткан кези. 1965-жыл
Жергиликтүү кеңешти шайлоо учуру. Фрунзе шаарындагы №18 шайлоо участкасында манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев байбичеси Бейшекан, келини Азим менен добуш берип жаткан кези. 1965-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/18
Жергиликтүү кеңешти шайлоо учуру. Фрунзе шаарындагы №18 шайлоо участкасында манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев байбичеси Бейшекан, келини Азим менен добуш берип жаткан кези. 1965-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРБелгилүү прозаик, драматург, балдар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, манасчы Саякбай Каралаев жана улуу манасчынын байбичеси Фрунзе шаарында. 1966-жыл
Белгилүү прозаик, драматург, балдар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, манасчы Саякбай Каралаев жана улуу манасчынын байбичеси Фрунзе шаарында. 1966-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/18
Белгилүү прозаик, драматург, балдар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, манасчы Саякбай Каралаев жана улуу манасчынын байбичеси Фрунзе шаарында. 1966-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКаралаевдин байбичеси менен түшкөн сүрөтү. Манасчы 1916-жылдагы Үркүндөн кийинки эл башына түшкөн кыйын күндөр кайта элек, ачкачылык мезгилинде үйлөнүптүр
Каралаевдин байбичеси менен түшкөн сүрөтү. Манасчы 1916-жылдагы Үркүндөн кийинки эл башына түшкөн кыйын күндөр кайта элек, ачкачылык мезгилинде үйлөнүптүр - Sputnik Кыргызстан
12/18
Каралаевдин байбичеси менен түшкөн сүрөтү. Манасчы 1916-жылдагы Үркүндөн кийинки эл башына түшкөн кыйын күндөр кайта элек, ачкачылык мезгилинде үйлөнүптүр
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСаякбай Каралаев "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу чыгармаларды жараткан.
Солдон оңго: Абдрасул Токтомушев, Саякбай Каралаев, балдар жазуучусу Касым Каимов, акын Райкан Шүкүрбеков жана Шүкүрбековдун жубайы Ажар
Саякбай Каралаев Манас, Семетей, Сейтек үчилтигинен сырткары Эркин таңында, Эр Төштүк, Бүркүттөр, Канаттуу куштар, Унутулгус күндөр, Делдеш баатыр, Эстен кетпейт, Томор мерген сыяктуу чыгармаларды жараткан.
Солдон оңго: Абдрасул Токтомушев, Саякбай Каралаев, балдар жазуучусу Касым Каимов, акын Райкан Шүкүрбеков жана Шүкүрбековдун жубайы Ажар - Sputnik Кыргызстан
13/18
Саякбай Каралаев "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу чыгармаларды жараткан.
Солдон оңго: Абдрасул Токтомушев, Саякбай Каралаев, балдар жазуучусу Касым Каимов, акын Райкан Шүкүрбеков жана Шүкүрбековдун жубайы Ажар
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов: "Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем", - деген.
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов: Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем, - деген. - Sputnik Кыргызстан
14/18
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов: "Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем", - деген.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРЫсык-Көлдө манасчы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналып каз катар тигилген боз үйлөр. 1994-жыл
Ысык-Көлдө манасчы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналып каз катар тигилген боз үйлөр. 1994-жыл - Sputnik Кыргызстан
15/18
Ысык-Көлдө манасчы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналып каз катар тигилген боз үйлөр. 1994-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРУлуу манасчынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлгөн 100 жылдыгында Карасаевдин кызы журналисттерге интервью берүүдө. 1994-жыл
Улуу манасчынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлгөн 100 жылдыгында Карасаевдин кызы журналисттерге интервью берүүдө. 1994-жыл - Sputnik Кыргызстан
16/18
Улуу манасчынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлгөн 100 жылдыгында Карасаевдин кызы журналисттерге интервью берүүдө. 1994-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРЫсык-Көлдө кино тартып жаткан учур. Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү. 1964-жыл
Ысык-Көлдө кино тартып жаткан учур. Колуна Карачолок аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү. 1964-жыл - Sputnik Кыргызстан
17/18
Ысык-Көлдө кино тартып жаткан учур. Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү. 1964-жыл
© Sputnik / Юрий Каплун / Медиабанкка өтүүЗалкар манасчынын образы кыл калем чебери, актер Сүймөнкул Чокморов тарабынан бир эмес, эки ирет жаратылган. Чокморовдун "Саякбай Каралаев" сүрөтү
Залкар манасчынын образы кыл калем чебери, актер Сүймөнкул Чокморов тарабынан бир эмес, эки ирет жаратылган. Чокморовдун Саякбай Каралаев сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
18/18
Залкар манасчынын образы кыл калем чебери, актер Сүймөнкул Чокморов тарабынан бир эмес, эки ирет жаратылган. Чокморовдун "Саякбай Каралаев" сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0