https://sputnik.kg/20210702/cholpon-ata-okm-birgeleshken-zhyyyn-1053081310.html
Чолпон-Атада ӨКМдин 30 жылдыгына карата 5 өлкөнүн жыйыны өттү
Чолпон-Атада ӨКМдин 30 жылдыгына карата 5 өлкөнүн жыйыны өттү
Sputnik Кыргызстан
Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин биринчи отуруму 2003-жылы болгон. Кыргызстан бул кеңешке 2015-жылдан тартып мүчө. 02.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-02T14:51+0600
2021-07-02T14:51+0600
2021-12-15T22:56+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
өкм
чолпон-ата
иш-чара
https://sputnik.kg/img/07e5/07/02/1053080217_0:310:3072:2048_1920x0_80_0_0_845fbd699da7a09011cd16c3b1301ceb.jpg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн, 2-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана Өрткө каршы кызматтын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата илимий-техникалык кеңештин 6-отуруму өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Куткаруу кызматтарынын Биргелешкен илимий-техникалык жыйынына Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын өкүлдөрү катышты.Отурумдун күн тартибине кирген маселелер:Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин биринчи отуруму 2003-жылы болгон. Кыргызстан бул кеңешке 2015-жылдан тартып мүчө. Кийин Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Куткаруучу агенттиктердин биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп аталып, 2017-жылы Казакстандын Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен кеңеш Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын Куткаруу агенттиктеринин биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп өзгөртүлгөн.Кеңеш бир катар биргелешкен илимий долбоорлорду демилгелеп, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларын алмашуу, илимий-техникалык кызматташтык, биргелешкен машыгууларды жана семинарларды координациялоо жаатында иш жүргүзөт.
https://sputnik.kg/20210701/okm-tekhnika-aluu-1053066595.html
чолпон-ата
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/02/1053080217_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_343416762277818580a36aa43a93041c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өкм, чолпон-ата, иш-чара
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өкм, чолпон-ата, иш-чара
Чолпон-Атада ӨКМдин 30 жылдыгына карата 5 өлкөнүн жыйыны өттү
14:51 02.07.2021 (Жаңыртылды: 22:56 15.12.2021) Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин биринчи отуруму 2003-жылы болгон. Кыргызстан бул кеңешке 2015-жылдан тартып мүчө.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн, 2-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана Өрткө каршы кызматтын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата илимий-техникалык кеңештин 6-отуруму өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткаруу кызматтарынын Биргелешкен илимий-техникалык жыйынына Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын өкүлдөрү катышты.
Отурумдун күн тартибине кирген маселелер:
- көзөмөлдөө органдарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда калктын жана аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында маалыматтык технологиялардын ролу жана орду;
- аймактык жана ведомстволук деңгээлдерде табигый кырсык коркунучун азайтуу жаатында программаларды жана пландарды интеграциялоо жана кеңейтүү;
- суу ташкынын болжолдоо, алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.
"Катышуучулар жогорудагы маселелерди талкуулап, ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Ошондой эле XIII эл аралык "Комплекстүү коопсуздук — 2021" долбоорунун алкагында аткарылган иштердин жыйынтыктарын да карашты", — дешти ӨКМден.
Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин биринчи отуруму 2003-жылы болгон. Кыргызстан бул кеңешке 2015-жылдан тартып мүчө. Кийин Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Куткаруучу агенттиктердин биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп аталып, 2017-жылы Казакстандын Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен кеңеш Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын Куткаруу агенттиктеринин биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп өзгөртүлгөн.
Кеңеш бир катар биргелешкен илимий долбоорлорду демилгелеп, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларын алмашуу, илимий-техникалык кызматташтык, биргелешкен машыгууларды жана семинарларды координациялоо жаатында иш жүргүзөт.