https://sputnik.kg/20210701/yktyyarchylar-ch-n-ehlektronduk-portal-ishke-kirgizildi-1053064120.html
Бексултанов: ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди
Бексултанов: ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Санарип саламаттык сактоо борборунун адиси Чыңгыз Бексултанов коронавирус пандемиясынын... 01.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-01T12:05+0600
2021-07-01T12:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
ыктыярчылар
пандемия
коронавирус
https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053064216_0:238:3068:1972_1920x0_80_0_0_a84951670b4fdadf946d87f9a0d8e63a.jpg
Бексултанов: ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди
Sputnik Кыргызстан
Бексултанов: ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди
Пандемия учурунда ыктыярчы болууну каалаган адамдар жана уюмдар https://dobro.med.kg/ электрондук порталы аркылуу катталышы керек. Мындай маалыматты Чыңгыз Бексултанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, реестрге ыктыярчылар тууралуу толук маалымат киргизилип, электрондук паспорт ыйгарылат.Ошондой эле адис ар бир ыктыярчыга берилген жеке QR коду бар паспорт республиканын бардык аймактарындагы процесстерди жана иш-аракеттерди координациялоону тездетерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053064216_0:120:3068:2048_1920x0_80_0_0_1ec3bf0c0a748e595433ef630e523f92.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, ыктыярчылар, пандемия, коронавирус
коом, кыргызстан, ыктыярчылар, пандемия, коронавирус
Бексултанов: ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди
12:05 01.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Санарип саламаттык сактоо борборунун адиси Чыңгыз Бексултанов коронавирус пандемиясынын алкагында ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилгенин айтты.
Пандемия учурунда ыктыярчы болууну каалаган адамдар жана уюмдар
https://dobro.med.kg/ электрондук порталы аркылуу катталышы керек. Мындай маалыматты Чыңгыз Бексултанов
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, реестрге ыктыярчылар тууралуу толук маалымат киргизилип, электрондук паспорт ыйгарылат.
"COVID-19 пандемиясынын алкагында ыктыярчы болууну каалагандар https://dobro.med.kg/ сайтына кириши керек. Порталга жеке адамдар жана ыктыярчы уюмдар каттала алышат. Анда аларга тиешелүү бардык маалыматтар киргизилип, кандай жумуш жасай ала тургандыгы аныкталып, паспорт тапшырылат. Мисалы, өткөн жылы авто-ыктыярчылар гуманитардык жардамды саламаттык сактоо уюмдарына жеткирип, жардам беришкен. Бирок аларга жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынган. Бул маселени чечиш үчүн реестрге катталып жатып, унаасынын номерин да киргизсе болот. Порталдын администратору тарабынан толук текшерүүдөн өткөндөн кийин ыктыярчылар окутуудан өтүп, тиешелүү маалыматтарды алышат", — деди Бексултанов.
Ошондой эле адис ар бир ыктыярчыга берилген жеке QR коду бар паспорт республиканын бардык аймактарындагы процесстерди жана иш-аракеттерди координациялоону тездетерин кошумчалады.